Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ПОЗИЦИЯЛЫК СЫЗЫКТАР"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:23, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
– астрон. байкоолордун натыйжаларына дал келгендей жүргүзүлгөн картанын же глобустун бетиндеги сызыктар. Алар байкоочу адамдын жер бетинде жайгашкан ордун аныктайт. Убакыттын белгилүү учурунда аткарылган астрон. байкоолор жылдыздын координатасын аныктоого мүмкүндүк берет. Мис., жылдыздын зениттик аралыгы. Байкоочу өлчөөлөр жүргүзүп өзү түзгөн П. с-дын кандайдыр бир чекитинде жайгашкан болот. Байкоочунун абалын туура аныкташ үчүн эки жылдыз үчүн эки П. с-ты түзүш керек. Бул сызыктардын кесилишкен чекити байкоочунун картадагы ордун так көрсөтөт.