Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:КОСМОНАВТИКА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
MMEE_>KadyrM
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:20, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы

(astronautics) – космос мейкиндигине учуу; космоско учуучу аппараттарды пайдалануу м-н космосту, Жерден тышкаркы объектилерди изилдөөчү ж-а өздөштүрүүчү илим м-н техника тармактарынын жыйындысы. К. төмөнкү проблемаларды камтыйт: космостук учуу теориялары – траекторияны эсептөө ж.б.; ил.-тех-лык – ракеталарды, кыймылдаткычтарды, башкаруунун борттук системаларын, автоматтык станцияларды ж-а космос кемелерин, илимий борборлорду конструкциялоо, траекториялык ченөө жүргүзүү ж. б.; мед.-биол. – тиричиликти камсыз кылуучу борттук системаларды түзүү, адам организмине таасир этүүчү кошумча иш, салмаксыздык, радиация м-н байланышкан жагымсыз кубулуштарды компенсациялоо ж. б.; укуктук эл аралык – космос мейкиндигин ж-а планеталарды пайдалануу маселелерин укуктук жөнгө салуу. Космос заманынын башталышы – 1957-ж. 4-окт. (Жердин жасалма жандоочусун учуруу, СССР), адамдын космоско биринчи учушу – 1961-ж. 12-апрель (Ю. А. Гагарин, СССР), адамдын Айга биринчи конушу – 1969-ж. 21-июль (Н. Армстронг, Э. Олдрин, АКШ). 1982-ж. карата 3000дей космоско учуучу аппараттар учурулган, учкуч башкаруучу 80ден ашык учуулар ишке ашырылган, автоматтык аппараттар м-н Марс, Чолпон, Меркурий, Юпитер, Сатурн ж. б. планеталар, о. эле Күн изилденүүдө, Ай экспедициясы жүргүзүлгөн, орбиталык станциялар, Жердин жасалма спутниктери пайдаланылууда. Жердин табигый байлыктары изилденип, аны картага түшүрүү жүргүзүлүп, метеорол. кубулуштар изилденүүдө. К. илим м-н өндүрүш прогрессин жөндөп турат.