Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗДАР ЭЛОНГАЦИЯСЫ"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
MMEE_>KadyrM |
(Айырма жок)
| |
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы
(elоngation) – Түш. чекиттен азимут б-ча максималдуу алыс турган учурдагы дүйнө уюлунун айланасында жылдыздардын көзгө көрүнгөн суткалык айлануусуна мүнөздүү абалдар. Ж. э. Күн м-н планеталар ортосундагы бурчтук аралыкты аныктоо үчүн пайдаланылат, жогорку кульминациясы дүйнөнүн уюлу м-н зениттин ортосунда боло турган уюл жанындагы жылдыздарда гана байкалат. Асман сферасынын геометриясынан көрүнүп тургандай, мындай жылдыздардын азимуту суткалык параллель б-ча кыймылдаганда – 90отан +90ока чейин (түн. чекиттен) өзгөрө алат. Азимут эң четки маанилерди алган учурдагы жылдыз абалы да элонгация деп аталат. Бул учурда жылдыз бийиктик б-ча гана кыймылдайт. Асман сферасынын кайсы жагында болушуна карата чыгыш элонгациясы ж-а батыш элонгациясы деп айтылат.