Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:КАССИОПЕЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
MMEE_>KadyrM
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:17, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -деги абалы

(Сassiopeia) – Түн. жарым шардагы байыркы гректер белгилешкен 48 топ жылдыздын бири, Саманчы жолунда жайгашкан. Аталышы мифологиядан алынган: Эфиопия падышасы Цефейдин креслодо отурган аялы Кассиопеяны сүрөттөп турат. 5 эң жарык жылдызы W тамгасына окшош фигураны түзөт. К-дан радионурлануусунун кубаттуу галактикалык булагы табылган. КМШнын аймагынан жыл бою көрүнөт. Элдик аталышы Көөкөр.