Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗДАРДЫН ӨЗДҮК КЫЙМЫЛЫ"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:15, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
– жылдыздын асман сферасы б-ча көрүү шооласына перпендикулярдуу кыймылынын көрүнүүчү бурчтук ылдамдыгы. Жандоочулардын өздүк кыймылы жылдыздардын мейкиндиктеги реалдуу кыймылы (пекулярдык кыймыл) м-н күн системасынын кыймылынан (параллакстык кыймыл) келип чыгат. Ж. ө. к. жылдыздын бир жылдагы бурчтук которулушуна барабар, ал бурчтук секунда м-н өлчөнөт. Ал кыймыл өтө кичине ж-а көпчүлүк жылдыздар үчүн секунданын жүздүк үлүшүнөн ашпайт. Ж. ө. к-н билүү жылдыздардын фундаменталдуу каталогун түзүүдө, алардын аралыктарын аныктоодо, кинематикасын үйрөнүүдө өтө керек. Өздүк кыймылдарды аныктоо үчүн асман сферасынын бир эле областын көп убакыт ичинде (20 жылдан ашык) бир нече жолу сүрөткө тартып, анан аларды салыштырат. Фотографиялык ыкманын тактыгы ± 0,003". Ж.ө.к-н 1718-ж. 1-жолу Э. Галлей Сириус, Арктур, Альдебаран үчүн аныктаган. М.А. Ковальский 1859-ж. жылдыздардын кыймылынын законченемдүүлүгүн ачкан. 70-ж-дын ортосунда 300 000ге жакын Ж. ө. к. аныкталган.