Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗДАР"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:15, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
(Stars) – табияты б-ча Күнгө окшош абдан ысык газдардан турган жарык чыгаруучу асман телолору. Аларды Ааламдагы негизги объекттер десе болот, себеби алар бизге көрүнгөн заттын 90%ин түзөт. Ж. бизден өтө алыс турат, бизге эң жакын жылдыз – Күн. Жакын Ж-га чейинки аралыкты аныктоо алардын алыскы Ж-дын фонундагы жылышууларын байкоого ж-а ченөөгө негизделген. Эгерде Ж-га чейинки аралык жүздөгөн парсек болсо, анда алардын параллакстык жылышуулары байкалбайт ж-а аралык жылдыз спектрлерин анализдөө м-н аныкталат. Күн системасына эң жакын жылдыз – Центаврдын Проксимасы, ал бизден 1,3 пк аралыкта турат. Куралсыз көз м-н көрүнгөн Ж-дын көбү ондогон ж-а жүздөгөн жарык жылдарга алыстаган. Ж. массасы, өлчөмү, тыгыздыгы, жарык чыгаруучулугу ж-а хим. курамы б-ча айырмаланат. Ж-дын массасын аныктоо үчүн жуптарга же топторго кирген Ж-дын кыймылы үйрөнүлөт. Жалпы масса борборунун айланасында кыймылдап, алар өз ара тартылышат ж-а алардын массасы бүткүл дүйнөлүк тартылуу законунун негизинде аныкталат. Жылдыз массасы көбүнчө күн массасы (2•1030 кг) м-н туюнтулат. Дээрлик бардык Ж-дын массасы 0,1–50 күн массасына барабар. Ж-дын өлчөмдөрү түздөн-түз оптикалык интерферометрлердин жардамы же теориялык эсептөө жолу м-н аныкталат. Бизге көрүнгөн Ж-дын көбүнүн өлчөмдөрү жүз миңдеген же миллиондогон кмди түзөт, мис., Күндүн диаметри 1 392000 км. Бирок диаметрлери 10–20 км болгон эң кичинекей (ак кидиктер) ж-а кенедей эле (нейтрондук) Ж. да болот. Күндөн көп эсе чоң Ж.-алптар (Бетельгейзе, Арктур, Антарес) ж-а өтө сейрек кезигүүчү кызыл өтө чоң алптар да бар. Эгерде булар Күндүн ордунда болсо, анда Марс м-н Юпитердин орбиталары да анын ичинде калмак. Ж-дын массасына караганда өлчөмү б-ча айырмачылык өтө чоң болгондуктан, кичине Ж-дын тыгыздыгы чоңдордукунан алда канча чоң. Күндүн орточо тыгыздыгы суунукунан 1,4 эсе чоң, ал эми Сириус В жылдызынын 1 см3 нун массасы 50 кгдан чоң, ак кидиктер андан тыгыз. Бирок нейтрондук Ж-дын тыгыздыгы өтө чоң, б. а. 1014 г/см3. Ж. өлчөмдөрүнөн да жарыктанышы б-ча көп айырмаланат. Жарыктаныш Күндүкү (3,8ґ1026 Вт) м-н туюнтулат. Көпчүлүк Ж-дын жарыктанышы Күндүн жарыктанышынын 0,001–106 бөлүгүн түзөт. Ж-дын хим. курамын алардын спектрлери аркылуу аныктайт. Ж. Жердеги эле элементтерден турары белгилүү. Дээрлик бардык Ж-дын массасынын 98%ин суутек м-н гелий түзөт, мындагы суутектин массасы гелийдикинен 2,7 эсе чоң. Ж. физ. касиеттери б-ча үч топко бөлүнөт: нормалдуу, ак кидиктер ж-а нейтрондук Ж. Нормалдуу Ж-га куралсыз көз же телескоп м-н байкалган Ж. кирет. Алар кадимки эле идеалдык газдардан турат. Бул газдын басымы темп-рага түз, ал эми өзү ээлеп турган көлөмгө тескери пропорциялаш. Астрономдор газ баш ийген физикалык закондорду пайдаланып, Ж-дын түпкүрүндөгү тыгыздыкты, басымды ж-а темп-раны эсептейт. Тыгыздыгы өтө чоң Ж. идеалдык газ законуна баш ийбейт ж-а ал газдын касиети башка болуп калат да бузулган газ деп аталат. Ушундай газдардан ак кидиктер ж-а кээ бир алп Ж-дын ядросу курулат. 20-к-дын ортосунан баштап Ж-ды изилдөө үчүн спектроскоп м-н фотографиялык ыкма колдонула баштаган. 20-к-дын 20-ж-рынан баштап атом физ-нын ыкмаларын, андан кийин ЭЭМди колдонуу Ж. ж-дөгү илимди түп-тамырынан бери өзгөрттү. Азыркы учурда кош Ж., өзгөрмө Ж. жаңы Ж., өтө жаңы Ж., пульсарлар, кара көңдөй, жылдыз ассоциациялары ж-дөгү түшүнүктөр өнүгүүдө. Ж-ды үйрөнүүдө матем-нын, мех-нын, асман мех-нын, физ-нын көп бөлүктөрүнүн, хим-нын ж. б. ыкмалары кеңири колдонулат.