Difference between revisions of "АСТЕРОИДДЕР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

(гр. asteroeid ‒ жылдыз сымал), к и ч и н е п л а н е т а л а р ‒ Күн системасында эллипс орбитасы б-ча айлануучу космос телосу. А-дин диаметри 1‒1000 км. Италия астроному Жузеппе Пиацци 1801-ж. Марс м-н Юпитер ортосунда айланып жүрүүчү кичине планета Церераны алгачкылардан болуп ачкан. Анын диаметри 1003 км. Андан кийин 1802-ж. Паллада (диаметри 608 км), 1807-ж. Веста (538 км) ж. б. ачылган. Курамы б-ча А. таш (силикаттар м-н карбонаттардан турат), металл-таш ж-а металл (иридий м-н никель арбын) болуп бөлүнөт. Көпчүлүк А-дин айлануу мезгили 8 с чамасында. Диаметри 240 кмден кичине А-дер туура эмес формада болот. Азыркы убакта 2000ден ашык А. белгилүү.