Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ЖЕРДИН ИОНОСФЕРАДАГЫ ЗАРЯДДАРЫНЫН ТОПТОЛУШУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
MMEE_>KadyrM
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:15, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы

– 50 кмден жогору жер атм-расынын иондошкон бөлүгү. Иондор м-н электрондордун топтолушунун бийиктиги бир калыпта эмес. Алардын арасында кескин чек жок. Абалы ж-а интенсивдүүлүгү сутка аралыгында, мезгилдүү ж-а 11-жылдык күн циклинде дайыма өзгөрүп турат. Жогорку F катмары иондошуунун максимумуна туура келет. Түн ичинде 300 – 400 кмге чейин көтөрүлүп, күндүз (өзгөчө жайында) максимумдары 160 – 200 кмде ж-а 220 – 320 кмдеги эки F1 ж-а F2 катмарга ажырайт. 90 –150 км бийиктикте Е катмары, 90 кмден төмөн Д катмары жайгашат.

Ракета жасалма жандоочулардын жардамы м-н ионосферанын топтолушун ж. б. физикалык мүнөздөмөлөрүн аныктоого болот. Электрондун топтолушу (ne) F областына чейин кескин өсөт, 15 – 20 миң кмге чейин акырындык м-н азаят, андан кийин кескин төмөндөп, планета аралык эң кичине топтолушка өтөт. Д областындагы топтолуу эң аз: nе < 103см-3. Бул областта башка областтардан айырмаланып, оң иондор м-н катар терс иондор да бар. 70 – 80 кмден төмөндөгөндө терс иондордун саны электрондордон да көбөйөт. Күндөн түнгө өтүүдө Д областында электрондордун топтолушу ne кескин түрдө азаят, демек радиотолкундардын жутулушу да азаят. Күн жарк этүү убагында Д областынын иондошуусу кескин чоңоюп, радиотолкундар көп жутулат, кээде радиобайланыш такыр жоголот (0,3 – 1,5 сек). 100 –200 км бийиктиктеги Е же F1 катмарында концентрация дайыма ырааттуу өзгөрүп турат. Түнкүсүн 125 –160 км бийиктикте иондошуу булагы жок болгондуктан, ne– абдан азаят; ал эми 100 –120 кмдеги Е областында топтолуу (ne = (3 –30)х103см-3) сакталат. Ионосферадагы заряддардын топтолушунун законченемдүүлүгүн билүү радиобайланышты туура уюштурууга жардам берет.