Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ЖАРЫМ КҮН"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:15, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
(nооn) – Күндүн качан Түн. жарым шарда так Түш-тө же Түш. жарым шарда так Түн-тө турган моменти, б. а. Күндүн борборунун жогорку кульминация моменти. Бул учурда күн убактысы Т0=12 с. Жердин өз орбитасында бир калыпта эмес кыймылдашы ж-а анын айлануу огунун орбита тегиздигине жантайып турушу Күндүн түз чыгышынын бир калыпта эмес өзгөрүшүнө, б.а. чыныгы күн суткасынын так эместигине алып келет. Ошондуктан орточо күн деген түшүнүк киргизилген. Бул – бир жылда асман экватору б-ча (Күн сыяктуу эклиптика б-ча эмес) бир калыпта батыштан чыгышка карай бир айланып чыгуучу ж-а жазгы күн-түн теңелүү чекитин Күн м-н бир убакта өтүүчү чекит. Орточо жарым күн – орточо күндүн жогорку кульминация моменти.