Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ЖАРЫК ЧЫГАРУУЧУНУН БИЙИКТИГИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
MMEE_>KadyrM
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:15, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы

– горизонталдык координата системасында горизонталь тегиздиктен жарык чыгаруучуга чейинки бурч (h), ал жарык чыгаруучу аркылуу өтүүчү асман меридианы б-ча өлчөнөт. Жарык чыгаруучунун бийиктиги геогр. кеңдик координатасынын аналогу, демек ал +90° тан –90°ка чейинки маанилерди алат. Эгерде жылдыз асман сферасынын көрүнүп турган жарым шарында турса, анда бийиктик оң (плюс), эгер горизонттун астында болсо, анда терс (минус) белги м-н алынат. Асман сферасынын бийиктиктери бирдей болгон чекиттерден турган айлана (геогр. параллелдин аналогу) альмукантарат деп аталат. Астрон-да бийиктиктин ордуна зенит аралык z=900-h колдонулат, ал зенит м-н жылдыз багыттарынын арасындагы бурч, 0°тан 130°ка чейинки оң маанилерди алат.



www.flywall.ru