Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ДҮЙНӨНҮН ГЕОБОРБОРДУК СИСТЕМАСЫ"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:10, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
– Жер Ааламда борбордук абалда турат деген антропоборбордук түшүнүк. Бул системаны Аристотель (б.з.ч. 4-к.) ж-а Птолемей (б.з.ч. 2-к.) иштеп чыгышкан. Птолемейдин системасы б-ча Ааламдын борборунда Жер турат, ал 50дөн ашык тунук сфералар м-н курчалган. Алар жалпы борборго ээ. Ай, Меркурий, Чолпон, Күн, Марс , Юпитер, Сатурн ж-а жылдыздардын кыймылын башкарат. Аристотель – Птолемейдин системасы ошол кездеги дин окуусуна ылайык келбегендиктен, чиркөө дүйнөнүн түзүлүшү ж-дөгү чыныгы илимий түшүнүктөргө тоскоол болгон.