Difference between revisions of "АСТАНА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

01:03, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

(1961-ж. чейин А к м о л и н с к, 1961‒92-ж. Ц е л и н о г р а д, 1992‒98-ж. ‒ А к- м о л о) ‒ Казакстан Республикасынын борбор шаары (1997-жылдын). Өлкөнүн түн. бөлүгүндө, Ишим д-нын боюнда, Казак Сары-Аркасынын түндүгүндө жайгашкан. Калкы 853 миӊ (2015). Темир жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1830-ж. Акмоло чебинин ордунда отурукташ кан. 1832-жылдан Акмоло станицасы, 1863-жылдан округдук шаар, 1868-жылдан Акмоло уездинин борбору. Ташкен ж-а Бухарадан Россияга, Чыгыш Кытайдан Сибирге кеткен кербен жолунун маанилүү пункту болгон. 1920‒36-ж. Кыргыз (Казак) АССРинин курамындагы губерниянын (1920‒28), округдун (1928‒30) республикага баш ийген райондун (1930‒32), Караганда обл-ндагы райондук (1932‒39), 1965‒97-ж. облустун борбору болгон. 1939-жылдан Акмоло обл-нун, дыӊ жерлерди өздөштүрүүдө крайдын адм. борбору болуп, экон. ж-а саясий абалы тез өсө баштаган. 1998-жылдан азыркыдай аталат.

1990-жылдын аягынан шаардын борб. бөлүгүндө (япон архитектору К. Курокаванын генералдык долбоору б-ча) курулуш иштери жүргүзүлгөн; алар: парламент ж-а өкмөт үйү, президенттин резиденциясы, «Караотель» туракжай комплекси, «Аль-Фараби» ж-а «Самал»

Астанадагы парламент ж-а өкмөт үйү.

кичи райондору, Конгресс-холл, «Евразия» соода борбору, Ишим д-ндагы көпүрө ж-а дарыянын сол жагында бийикт. 97 м келген «Астана -Байтерек» монументи. Анда диаметри 22 м ай нек шар орнотулган. Металл шардын каркасы 3 кабат түстүү айнек м-н капталган. Ал Казакстан Республикасынын 10 жылдыгына арналган көрүнүктүү монументтик курулуш. А. ‒ Казакстандын маданий борбору. 28 ЖОЖ (филиалдары м-н), а. и. тех. ун-т (1933-жылдан), С. Сейфуллин атн. агр. ин-ту (1957), Л. Н. Гумилев атн. Евразия улуттук ун-ти (1998; Москва мамл. ун-тинин филиалы), мед. (1964), музыка (1998) ж. б. академиялары иштейт. Китепка налары: Президенттик маданий борборунуку, Борб.

Астана. «Байтерек» монументи.

шаардык, А. Гайдар атн. балдар китепканала ры ж. б. А. Кастеев атн. иск-во (1935), азыркы иск-во (1980-ж. негизделип, 1999-ж. Алматыдан көчүрүлүп келинген), жазуучу С. Сейфуллиндин (1988) музейлери, орус драма (1940), муз.-драма (1991), улуттук опера ж-а балет (2000) театрлары, филармония (1997), оркестрлер бар. Маанилүү өнөр жай тармактары: «Казакайыл чарба машиналары», «Газмашаппарат» АКсы, «Астана Моторс» компаниясы, вагон ремонттоо, машина куруу, металл иштетүү, жеӊил, тамак-аш өнөр жайлары, эмерек өндүрүшү бар. Т. Ниязов, Н. Жылдызова.