Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:АТМОСФЕРА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
MMEE_>KadyrM
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:07, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы

– Жер шарын курчап турган аба катмары; ал гр. atmos – буу ж-а sphaira – шар деген сөздөрүнөн алынган. Газдын шар формасындагы булуттары жылдыздардын ж-а ири планеталардын айланасын курчап турат. Майда асман телолору А-дан ажыраган. Анткени майда телолордо эркин түшүү ылдамдануусу ж-а радиусу кичине болгондуктан, анын экинчи космос ылдамдыгы газдардын молекулаларынын жылуулук ылдамдыгынан кичине. Натыйжада кичине телолор газдардын молекулаларын кармап кала албайт да, тело А-сыз калат. А-нын массасы 5,15•1015 тга жакын. А. 5 негизги катмарга бөлүнөт: тропосфера (8–18 кмге чейин), стратосфера (18–40 кмге чейин), мезосфера (40–50 кмден 80–85 кмге чейин), термосфера же ионосфера (80–85 кмден 500–800 кмге чейин) ж-а экзосфера (800 кмден жогору).


АТМОСФЕРА2.jpg


www.sovetolog.com