Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:АТАЙЫН АСТРОФИЗИКАЛЫК ОБСЕРВАТОРИЯ"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:07, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
– Россия ИАнын астрон. ил.-из. мекемеси. Түн. Кавказдын Карачай-Черкес автономия областынын Зеленчук кыштагынан көп алыс эмес жерде, деңиз деңгээлинен 2100 м бийиктикте жайгашкан. Обсерватория 1966-ж. негизделген. Анда эки ири астрон. аспап – диаметри 6 м келген дүйнөдөгү өтө зор альтазимуттук орнотулма оптикалык телескоп ж-а радиотелескоп (РАТАН-600) бар. Оптикалык телескоптун жалпы салмагы орнотулмасы м-н бирге 950 т, бийиктиги 42 м 25-жылдыз чоңдугундагы асман телолорун көрүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Телескоптун бийиктик ж-а азимут б-ча жылышы электрондук эсептегич түзүлүштөр жайгаштырылган атайын система аркылуу башкарылат.
Чоң телескоптон 40 км алыстыкта өтө зор радиотелескоп (РАТАН-600) жайгашкан, к. §7ты. Бул эки телескоп үчүн атайын байкоо программасы түзүлүп, асман объектисиндеги: планеталар, Күн, жылдыздар, жылдыз аралык чөйрө, квазарлар, ар түрдүү галактикалар, о. эле галактикаларды түзгөн заттардын чогулмасын элестеткен протогалактикалар ж. б. байкалат.