Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:АСМАН КООРДИНАТАЛАРЫНЫН ГОРИЗОНТАЛДЫК СИСТЕМАСЫ"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:06, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
– жарык чыгаруучулардын абалы зениттик аралык же бийиктик ж-а азимут координатасы аркылуу аныкталган система. Жарык чыгаруучунун z зениттик аралыгы ж-а h бийиктиги z + h = 90° туюнтмасы м-н байланышкан. Зениттик аралыктын эсептелиши дайыма зенит чекитинен, ал эми бийиктиктики горизонт тегиздигинен башталып, жарык чыгаруучудан аяктайт. Байкоо жүргүзүү практикасында жарык чыгаруучунун бийиктигин аныктоого караганда, зениттик аралыкты аныктоо көбүрөөк ыңгайлуу. Горизонталдык координат системасы бул өлчөгүч аспаптар аркылуу жарык чыгаруучулардын көрүнгөн абалын аныктоодо колдонулат.