Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:АК КИДИКТЕР"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
12:59, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
– бетинин темп-расы жогору (30000 К), өлчөмү өтө эле кичине, эң чоң тыгыздыктагы, ак түстөгү өзгөчө жылдыздар. Алардын орточо радиустары Жердикиндей, массалары Күндүн массасына жакын. А.к-дин бетинин жарыктыгы Күндүкүнө салыштырганда бир нече миң эсе төмөн. Алар кадимки жылдыздардан өтө жогору тыгыздыкта болушу м-н айырмаланат, орточо тыгыздыгы 107 кг/м3. А. к-дин түпкүрүндө ядролук энергиянын булактары толук түгөнгөндөн кийинки жылдыздар эволюциясынын акыркы баскычында турат. 19-к-да Сириус жылдызынын жандоочусу Сириус В биринчи А. к. жылдызы ачылган. Кээ бир А. к-дин темп-расы төмөн ж-а сары же кызгылт түстө болот.