Difference between revisions of "АЛКАЛОИДДЕР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АКЛКАЛОИДДЕР''' ‒ азоту бар өсүмдүктөрдөн бөлүнүп алынуучу органикалык  негиздер. Алкалоиддер  өсүмдүк курамында алма, шарап, лимон, акак, козу кулак ж. б. кислоталар менен көбүнчө органикалык  туз түрүндө кездешет жана алардан ар түрдүү химиялык  жолдор менен  бөлүнүп алынат. Эгерде кургатылган өсүмдүк курамында 1‒2 %ке чейин Алкалоиддер болсо, андай өсүмдүк Алкалоиддерди алууга толук жарамдуу деп эсептелет. Ал өсүмдүктөр өтө эле ар түрдүү (к. ''Алкалоиддүү өсүмдүктөр''). Азыркы күндө миӊден ашык Алкалоиддер белгилүү. Көпчүлүгүнүн түзүлүшү өтө татаал. Мисалы , морфин 1806-жылы  белгилүү болсо да, анын түзүлүшү 1953-жылы  синтезделип алынгандан кийин гана аныкталган. 20-кылымда химиктер Акалоиддердин түзүлүшүн аныктоодо чоӊ ийгиликтерге жетишти. Көпчүлүк Алкалоиддер түссүз кристалл жана физиологиялык активдүү заттар. Алар баалуу дары болгондуктан адамдын белгилүү органдары менен системаларына күчтүү таасир тийгизет. Мисалы, стрихнин, кофеин адамдын борбордук  нерв системасын дүүлүктүрсө, морфин аны тынчтандырат.  Өсүмдүк курамынан жана синтез жолу менен алынган Алкалоиддердин көпчүлүгү эл чарбасында, айрыкча медицинада кеӊири колдонулат.
'''АКЛКАЛОИДДЕР''' ‒ азоту бар өсүмдүктөрдөн бөлүнүп алынуучу органикалык  негиздер. Алкалоиддер  өсүмдүк курамында алма, шарап, лимон, акак, козу кулак ж. б. кислоталар менен көбүнчө органикалык  туз түрүндө кездешет жана алардан ар түрдүү химиялык  жолдор менен  бөлүнүп алынат. Эгерде кургатылган өсүмдүк курамында 1‒2 %ке чейин алкалоиддер болсо, андай өсүмдүк алкалоиддерди алууга толук жарамдуу деп эсептелет. Ал өсүмдүктөр өтө эле ар түрдүү (к. а''лкалоиддүү өсүмдүктөр''). Азыркы күндө миӊден ашык алкалоиддер белгилүү. Көпчүлүгүнүн түзүлүшү өтө татаал. Мисалы , морфин 1806-жылы  белгилүү болсо да, анын түзүлүшү 1953-жылы  синтезделип алынгандан кийин гана аныкталган. 20-кылымда химиктер акалоиддердин түзүлүшүн аныктоодо чоӊ ийгиликтерге жетишти. Көпчүлүк алкалоиддер түссүз кристалл жана физиологиялык активдүү заттар. Алар баалуу дары болгондуктан адамдын белгилүү органдары менен системаларына күчтүү таасир тийгизет. Мисалы, стрихнин, кофеин адамдын борбордук  нерв системасын дүүлүктүрсө, морфин аны тынчтандырат.  Өсүмдүк курамынан жана синтез жолу менен алынган алкалоиддердин көпчүлүгү эл чарбасында, айрыкча медицинада кеӊири колдонулат.

''Ад''.: ''Орехов А.П.'' Химия алкалоидов. 2-изд., М., 1955; ''Генри Т. А''. Химия растительных алкалоидов, пер. с англ., М., 1956.
''Ад''.: ''Орехов А.П.'' Химия алкалоидов. 2-изд., М., 1955; ''Генри Т. А''. Химия растительных алкалоидов, пер. с англ., М., 1956.

''С. Адылов.''

''С. Адылов.''

11:34, 24 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы

АКЛКАЛОИДДЕР ‒ азоту бар өсүмдүктөрдөн бөлүнүп алынуучу органикалык негиздер. Алкалоиддер өсүмдүк курамында алма, шарап, лимон, акак, козу кулак ж. б. кислоталар менен көбүнчө органикалык туз түрүндө кездешет жана алардан ар түрдүү химиялык жолдор менен бөлүнүп алынат. Эгерде кургатылган өсүмдүк курамында 1‒2 %ке чейин алкалоиддер болсо, андай өсүмдүк алкалоиддерди алууга толук жарамдуу деп эсептелет. Ал өсүмдүктөр өтө эле ар түрдүү (к. алкалоиддүү өсүмдүктөр). Азыркы күндө миӊден ашык алкалоиддер белгилүү. Көпчүлүгүнүн түзүлүшү өтө татаал. Мисалы , морфин 1806-жылы белгилүү болсо да, анын түзүлүшү 1953-жылы синтезделип алынгандан кийин гана аныкталган. 20-кылымда химиктер акалоиддердин түзүлүшүн аныктоодо чоӊ ийгиликтерге жетишти. Көпчүлүк алкалоиддер түссүз кристалл жана физиологиялык активдүү заттар. Алар баалуу дары болгондуктан адамдын белгилүү органдары менен системаларына күчтүү таасир тийгизет. Мисалы, стрихнин, кофеин адамдын борбордук нерв системасын дүүлүктүрсө, морфин аны тынчтандырат. Өсүмдүк курамынан жана синтез жолу менен алынган алкалоиддердин көпчүлүгү эл чарбасында, айрыкча медицинада кеӊири колдонулат.

Ад.: Орехов А.П. Химия алкалоидов. 2-изд., М., 1955; Генри Т. А. Химия растительных алкалоидов, пер. с англ., М., 1956.

С. Адылов.