Difference between revisions of "АЗОТ ТОПТООЧУ МИКРООРГАНИЗМДЕР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (3))
(Айырма жок)

12:31, 22 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы

АЗОТ ТОПТООЧУ МИКРООРГАНИЗМДЕР – абадагы мол. азотту сиңирип, азот бирикмеле­рине айландыруучу микроорганизмдер. Буга татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр менен симбиоздо жашаган бактериялар, топуракта эркин жа­шоочулар да кирет. Азоттун табиятта айланы­шында жана топуракты, көлмөлөрдү азот кошул­малары менен байытууда алардын мааниси чоң (симбиоздук бактериялар жылына 1 га топуракта 200‑300 кг, симбиоздук эместер 15‑30 кг азот топтойт). Булардын тиричилигинин натыйжасында мол. азоттон (N2) аммиак (NH3) пайда болот. Ал эми аммиактан синтезделген амин к‑таларды өсүмдүктөр пайдаланат. Топуракта, сууда эркин жашаган микроорганизмдерге азот жана анаэробдук бактериялар – клостридум, метан кычкылдандыруучу бактериялар, кызыл ­күкүрт жана жашыл күкүрт бактериялары кирет. Көк жашыл бактериялардын көбү, кээ бир козу карындар, ачыткылар, спирохеталар да азот топтойт. Симбиоздук азот топтоочуларга чанактуу өсүмдүктүн (буурчак, беде, уй беде, люпин ж. б.) тамырларында жашоочу түймөк бактериялары кирет. О. эле түймөкчөлөр ольха, жийде ж. б. өсүмдүктүн тамырында да жашап, азот бирик­мелерин топтойт.