Difference between revisions of "АК-ДӨБӨ I ШААР КАЛДЫГЫ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АК-ДӨБӨ I ШААР КАЛДЫГЫ''' – 7–12‑кылымдарга таан­дык археологиялык эстелик. Бакай‑Ата районундагы Ак-­Дөбө кыштагына жакын Үрмарал суусунун оң өйүзүндө, ''Тараз‑Талас'' автожолунан 75 ''км'' ара­лыкта жайгашкан. Шаар калдыгы үч бөлүктөн: сепил (цитадель), шахристан жана рабаттан ту­рат. Шахристан 6 бурчтуу формада болуп, жал­пы узундугу 1080 ''м.'' Ал дубал чеп менен коргондолуп, мунаралар менен бекемделген. Сакталып калган дубалдын | '''АК-ДӨБӨ I ШААР КАЛДЫГЫ''' – 7–12‑кылымдарга таан­дык археологиялык эстелик. Бакай‑Ата районундагы Ак-­Дөбө кыштагына жакын Үрмарал суусунун оң өйүзүндө, ''Тараз‑Талас'' автожолунан 75 ''км'' ара­лыкта жайгашкан. Шаар калдыгы үч бөлүктөн: сепил (цитадель), шахристан жана рабаттан ту­рат. Шахристан 6 бурчтуу формада болуп, жал­пы узундугу 1080 ''м.'' Ал дубал чеп менен коргондолуп, мунаралар менен бекемделген. Сакталып калган дубалдын бийиктиги 2,5 ''м.'' Шаарга түндүк жагында­гы дарбаза аркылуу киришкен. Дарбазалардын жанында мунаралар тургузулган. Сепил шах­ристандын чыгыш тарабында жайгашып, ай­ланасы турак жайлар менен курчалган. Айрыкча шаардын чыгыш тарабында көп турак жай ку­рулуштары орун алган. Шахристанды айланта калк жашаган рабат жайгашкан. Археологиялык ка­зууда чийки кыштан тургузулган имарат уран­дылары, чарбалык маанидеги курулуштар ачыл­ган. Темир эритүүчү мештин жана металл кал­дыктары, чопо казан, кумура, жыгач аяктар, бычак, мал сөөктөрү табылган. Карала идиш­тери оймо‑чиймеленип, сыр менен кооздолгон. Ак-Дөбө шаар калдыгын орто кылымга тиешелүү жазма булак­тардагы Кул шаарынын орду менен байланыштыры­шат. | ||
В. В. ''Бартольд,'' М. Е. ''Массон,'' А. Н. ''Берн­штам'' тарабынан изилденген.
''М. И. Москалёв.'' |
15:12, 11 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы
АК-ДӨБӨ I ШААР КАЛДЫГЫ – 7–12‑кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Бакай‑Ата районундагы Ак-Дөбө кыштагына жакын Үрмарал суусунун оң өйүзүндө, Тараз‑Талас автожолунан 75 км аралыкта жайгашкан. Шаар калдыгы үч бөлүктөн: сепил (цитадель), шахристан жана рабаттан турат. Шахристан 6 бурчтуу формада болуп, жалпы узундугу 1080 м. Ал дубал чеп менен коргондолуп, мунаралар менен бекемделген. Сакталып калган дубалдын бийиктиги 2,5 м. Шаарга түндүк жагындагы дарбаза аркылуу киришкен. Дарбазалардын жанында мунаралар тургузулган. Сепил шахристандын чыгыш тарабында жайгашып, айланасы турак жайлар менен курчалган. Айрыкча шаардын чыгыш тарабында көп турак жай курулуштары орун алган. Шахристанды айланта калк жашаган рабат жайгашкан. Археологиялык казууда чийки кыштан тургузулган имарат урандылары, чарбалык маанидеги курулуштар ачылган. Темир эритүүчү мештин жана металл калдыктары, чопо казан, кумура, жыгач аяктар, бычак, мал сөөктөрү табылган. Карала идиштери оймо‑чиймеленип, сыр менен кооздолгон. Ак-Дөбө шаар калдыгын орто кылымга тиешелүү жазма булактардагы Кул шаарынын орду менен байланыштырышат.
В. В. Бартольд, М. Е. Массон, А. Н. Бернштам тарабынан изилденген.
М. И. Москалёв.