Difference between revisions of "АЛМОНД"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЛМОНД''' (Almond) Габриэль (12. 1. 1911, Рок-Айленд, Иллинойс штаты ‒ 25. 12. 2002, Пасифик‒Гров, Калифорния штаты) ‒ | '''АЛМОНД''' (Almond) Габриэль (12. 1. 1911, Рок-Айленд, Иллинойс штаты ‒ 25. 12. 2002, Пасифик‒Гров, Калифорния штаты) ‒ америкалык саясат таануучу, азыркы кездеги саясат илимдерин негиздөөчүлөрдүн бири, Чикаго универстетинин философия доктору (1938). Американын саясат илимдер ассоциациясынын президенти (1965‒66), америкалык көркөм өнөр жана илимдер академиясынын мүчөсү (1961). Алмонд азыркы саясий системалардын проблемаларын алгачкылардан болуп изилдегендерден. Саясий системалардын өнүгүү деӊгээлин коомдун структуралык дифференцияланышына байланыштырып көрүп, ошонун негизинде саясий системаларды: англиялык-америкалык, континенталдык-европалык адаттагы-салттык жана тоталитардык сыяктуу 4 типке бөлгөн. Ал С. Верба менен бирдикте жарандык саясий маданият теориясын иштеп чыккан. Анын теориясы боюнча демократиянын турукталышы саясий процесстер менен жарандар туткан багыттарга байланыштуу. 1968-жылы Станфорд университетинде Алмонд саясий өнүгүштүн концепциясын («Станфорт долбоору») изилдөө боюнча жумушчу топту жетектеген. Ал топтун жүргүзгөн иштеринин натыйжасы: структуралык функционализм, социалдык мобилизациялоо теориясы, рационалдуу талдоо жана лидерчилик теориясы сыяктуу саясий өнүгүштүн проблемаларын иликтөөнүн 4 негизги ыкмасы болуп калды.

Эмг.: Еhe ciric cultune; political attitudes and democracy in life nations. Princeton, 1963 (with S. Verba). Сравнительная политология сегодня: Мировой обзор. М., 2002.
| Эмг.: Еhe ciric cultune; political attitudes and democracy in life nations. Princeton, 1963 (with S. Verba). Сравнительная политология сегодня: Мировой обзор. М., 2002.

09:26, 11 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы
АЛМОНД (Almond) Габриэль (12. 1. 1911, Рок-Айленд, Иллинойс штаты ‒ 25. 12. 2002, Пасифик‒Гров, Калифорния штаты) ‒ америкалык саясат таануучу, азыркы кездеги саясат илимдерин негиздөөчүлөрдүн бири, Чикаго универстетинин философия доктору (1938). Американын саясат илимдер ассоциациясынын президенти (1965‒66), америкалык көркөм өнөр жана илимдер академиясынын мүчөсү (1961). Алмонд азыркы саясий системалардын проблемаларын алгачкылардан болуп изилдегендерден. Саясий системалардын өнүгүү деӊгээлин коомдун структуралык дифференцияланышына байланыштырып көрүп, ошонун негизинде саясий системаларды: англиялык-америкалык, континенталдык-европалык адаттагы-салттык жана тоталитардык сыяктуу 4 типке бөлгөн. Ал С. Верба менен бирдикте жарандык саясий маданият теориясын иштеп чыккан. Анын теориясы боюнча демократиянын турукталышы саясий процесстер менен жарандар туткан багыттарга байланыштуу. 1968-жылы Станфорд университетинде Алмонд саясий өнүгүштүн концепциясын («Станфорт долбоору») изилдөө боюнча жумушчу топту жетектеген. Ал топтун жүргүзгөн иштеринин натыйжасы: структуралык функционализм, социалдык мобилизациялоо теориясы, рационалдуу талдоо жана лидерчилик теориясы сыяктуу саясий өнүгүштүн проблемаларын иликтөөнүн 4 негизги ыкмасы болуп калды.
Эмг.: Еhe ciric cultune; political attitudes and democracy in life nations. Princeton, 1963 (with S. Verba). Сравнительная политология сегодня: Мировой обзор. М., 2002.