Difference between revisions of "АЛМАЛУУ кыштагы"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (Temirkan moved page АЛМАЛУУ to АЛМАЛУУ кыштагы)
(Айырма жок)

15:15, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы

АЛМАЛУУ ‒ Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Ысык-Ата айыл аймагынын борбору. Райондун борбору жана темир жол бекети Кант шаарынан 34 км түштүк тарапта жайгашкан. 1931-жылы отурукташкан. Деӊиз деӊгээлинен 1600 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1442 (2009); негизинен мал чарбасында жана жашылчачылыкта эмгектенет. Орто мектеп, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, бала бакча, 2 ашкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.