Difference between revisions of "АЛИЦИКЛДҮҮ БИРИКМЕЛЕР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (6))
(Айырма жок)

09:53, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы

АЛИЦИКЛДҮҮ БИРИКМЕЛЕР ‒ молекуласы көмүртек жана суутек атомдорунан турган туюк чынжырлуу (циклдүү) орг. бирикмелер. Алар молекуладагы көмүртек, суутек атомдорунун катышына жана көмүртек атомдорунун бири-бири менен байланышуу мүнөзүнө жараша циклопарафиндер, циклоолефиндер жана циклоалкиндер болуп бөлүнөт. Циклдердин туруктуулугу 3 мүчөлүү өкүлүнөн 6 мүчөлүү өкүлүн көздөй жогорулайт. Хим. касиеттери циклдеги көмүртек атомунун санына көз каранды. Кичине циклдүү өкүлдөрүндө реагент таасир эткенде цикл үзүлүп, аларга кошуп алуу реакциялары мүнөздүү. Циклопентан катализатордун катышуусунда суутек молекуласын кошуп алып, пентанга айланат. Циклогександы жана анын гомологдорун катализатордун катышуусунда ысытканда суутек молекуласы бөлүнүп, ароматтуу углеводороддор пайда болот. А. б. табиятта түрдүү орг. заттардын курамында кездешет. Айрыкча циклогексан жана анын туундулары көп таралган. А.б. жасалма була алууда аралык зат жана ракета учурууда күйүүчү зат (отун) катары колдонулат.