Difference between revisions of "АЛЕКСАНДР НЕВСКИЙ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АЛЕКСАНДР НЕВСКИЙ''' (13. 5. 1221, Владимир-Суздаль княздыгы, Переславль-Залесский ‒ 14. 11. 1263, Владимир-Суздаль княздыгы, Городец) ‒ орустун мамл. ишмери, кол башчы, Новгород князы (1236‒51), 1252-жылдан Владимирдин улуу князы. Орустун  түн.-батыш жерлерин швед жана нем. баскынчылардан коргогон орус аскерлерине башчылык кылган. 1240-ж. 15-июлда Невада ладогалыктар менен бирге швед баскынчыларын талкалап «Невский» деп аталган. 1241-ж. Новгородду басып кирген ливондук рыцарларды жеӊет. 1242-ж. 5-апрелде нем. атчан аскерлери менен кнехтердин жөө отряддарын Чуд көлүндө кыйратуу А. Н-ди өз доорундагы эӊ көрүнүктүү кол башчылардын катарына кошкон. Немец рыцарларынын орустарга каршы агрессиясы токтотулган. А. Н. орус жеринин түн.-батыш чек арасын бекемдөөнү улантып, Норвегия менен тынчтык келишимин түзгөн (1251). ''Алтын Ордо'' менен Рустун ортосунда болуучу тополоӊду алдын ала сезип, Татар хандыгын ынтымакка чакырган. А. Н. тарыхта кылдат жана көрөгөч саясатчы, Ата Мекенин коргогон князь ‒ жоокер катары бааланган. 1725-ж. 21-майда жана 1942-ж. 29-июлда анын урматына Александр Невский ордени чыгарылган.

'''АЛЕКСАНДР НЕВСКИЙ''' (13. 5. 1221, Владимир-Суздаль княздыгы, Переславль-Залесский ‒ 14. 11. 1263, Владимир-Суздаль княздыгы, Городец) ‒ орустун мамлекеттик  ишмери, кол башчы, Новгород князы (1236‒51), 1252-жылдан Владимирдин улуу князы. Орустун  түндүк-батыш жерлерин швед жана немец  баскынчылардан коргогон орус аскерлерине башчылык кылган. 1240-жылы  15-июлда Невада ладогалыктар менен бирге швед баскынчыларын талкалап «Невский» деп аталган. 1241-жылы Новгородду басып кирген ливондук рыцарларды жеӊет. 1242-жылы  5-апрелде немец атчан аскерлери менен кнехтердин жөө отряддарын Чуд көлүндө кыйратуу Александр  Невскийди өз доорундагы эӊ көрүнүктүү кол башчылардын катарына кошкон. Немец рыцарларынын орустарга каршы агрессиясы токтотулган. Александр  Невский  орус жеринин түндүк-батыш чек арасын бекемдөөнү улантып, Норвегия менен тынчтык келишимин түзгөн (1251). ''Алтын Ордо'' менен Рустун ортосунда болуучу тополоӊду алдын ала сезип, Татар хандыгын ынтымакка чакырган. Александр  Невский тарыхта кылдат жана көрөгөч саясатчы, Ата Мекенин коргогон князь ‒ жоокер катары бааланган. 1725-ж. 21-майда жана 1942-ж. 29-июлда анын урматына Александр Невский ордени чыгарылган.

15:37, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы

АЛЕКСАНДР НЕВСКИЙ (13. 5. 1221, Владимир-Суздаль княздыгы, Переславль-Залесский ‒ 14. 11. 1263, Владимир-Суздаль княздыгы, Городец) ‒ орустун мамлекеттик ишмери, кол башчы, Новгород князы (1236‒51), 1252-жылдан Владимирдин улуу князы. Орустун түндүк-батыш жерлерин швед жана немец баскынчылардан коргогон орус аскерлерине башчылык кылган. 1240-жылы 15-июлда Невада ладогалыктар менен бирге швед баскынчыларын талкалап «Невский» деп аталган. 1241-жылы Новгородду басып кирген ливондук рыцарларды жеӊет. 1242-жылы 5-апрелде немец атчан аскерлери менен кнехтердин жөө отряддарын Чуд көлүндө кыйратуу Александр Невскийди өз доорундагы эӊ көрүнүктүү кол башчылардын катарына кошкон. Немец рыцарларынын орустарга каршы агрессиясы токтотулган. Александр Невский орус жеринин түндүк-батыш чек арасын бекемдөөнү улантып, Норвегия менен тынчтык келишимин түзгөн (1251). Алтын Ордо менен Рустун ортосунда болуучу тополоӊду алдын ала сезип, Татар хандыгын ынтымакка чакырган. Александр Невский тарыхта кылдат жана көрөгөч саясатчы, Ата Мекенин коргогон князь ‒ жоокер катары бааланган. 1725-ж. 21-майда жана 1942-ж. 29-июлда анын урматына Александр Невский ордени чыгарылган.