Difference between revisions of "АЙДАРКЕН ӨРӨӨНҮ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙДАРКЕН ӨРӨӨНҮ,''' Х а й д а р к е н ө р ө ө н ү Түштүк Теңир‑Тоодо; Сох суусунун алабында, Курук‑Сай | '''АЙДАРКЕН ӨРӨӨНҮ,''' Х а й д а р к е н ө р ө ө н ү Түштүк Теңир‑Тоодо; Сох суусунун алабында, Курук‑Сай, Кулдук‑Тоо <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> Катыраң‑Тоонун аралыгында 80 ''км''ге созулуп жатат. Туурасы 10 ''км;'' деңиз деңгээлинен бийиктиги 1208–3000 ''м.'' Баш жагы Алаудин <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> Тар-Көл өрөөндөрүнөн турат. Too капталдары жайпагыраак, байыркы мореналар, тепши сымал өрөөндөр бар; төмөн жагы жайпак. Өрөөнгө тайпак жондор, түздүктөр мүнөздүү. Фундаменти палеозойдун чөкмө тектеринен туруп, айрым жерлерде жер бетине чыгып жатат. Палеоген‑неогендин конгломерат, кумдук тектери неотектоникалык бүктөлүүгө дуушарланып, өрөөндүн чет жакаларында майда адырларды пайда кылат. Төртүнчүлүк мезгилинин борпоң чөкмөлөрү палеозойдун фундаментин жаап жатат. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы –6,4...–10°С, июлдуку 19–22°Сге чейин. Жылдык жаан‑чачыны 300–480 ''мм.'' Суулары: Сох, Таркол, Алаудин ж. б. Тоонун бозомук күрөң <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> каралжын күрөң топурактары басымдуу. Өсүмдүктөрүнөн бетеге, шыбак, доңуз сырты, жалбыз, өлөң, арча, төө куйрук, түркстан чиеси, табылгы ж. б. өсөт. Айдаркен өрөөнү аркылуу Ош–Лейлек, Баткен–Палал <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> Сох–Риштан автомобиль жолдору өтөт. |
09:55, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы
АЙДАРКЕН ӨРӨӨНҮ, Х а й д а р к е н ө р ө ө н ү Түштүк Теңир‑Тоодо; Сох суусунун алабында, Курук‑Сай, Кулдук‑Тоо жана Катыраң‑Тоонун аралыгында 80 кмге созулуп жатат. Туурасы 10 км; деңиз деңгээлинен бийиктиги 1208–3000 м. Баш жагы Алаудин жана Тар-Көл өрөөндөрүнөн турат. Too капталдары жайпагыраак, байыркы мореналар, тепши сымал өрөөндөр бар; төмөн жагы жайпак. Өрөөнгө тайпак жондор, түздүктөр мүнөздүү. Фундаменти палеозойдун чөкмө тектеринен туруп, айрым жерлерде жер бетине чыгып жатат. Палеоген‑неогендин конгломерат, кумдук тектери неотектоникалык бүктөлүүгө дуушарланып, өрөөндүн чет жакаларында майда адырларды пайда кылат. Төртүнчүлүк мезгилинин борпоң чөкмөлөрү палеозойдун фундаментин жаап жатат. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы –6,4...–10°С, июлдуку 19–22°Сге чейин. Жылдык жаан‑чачыны 300–480 мм. Суулары: Сох, Таркол, Алаудин ж. б. Тоонун бозомук күрөң жана каралжын күрөң топурактары басымдуу. Өсүмдүктөрүнөн бетеге, шыбак, доңуз сырты, жалбыз, өлөң, арча, төө куйрук, түркстан чиеси, табылгы ж. б. өсөт. Айдаркен өрөөнү аркылуу Ош–Лейлек, Баткен–Палал жана Сох–Риштан автомобиль жолдору өтөт.