Difference between revisions of "АСЫЛ ТУКУМ МАЛ"
Jump to navigation
Jump to search
556-684>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
00:37, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы
‒ тукумун жакшыртуу үчүн атайын тандалып алынган кунардуу , таза кандуу мал. Асыл тукумдуулук белгилер, айрыкча тукумдук эркек малда (кочкор, бука, айгыр ж. б.) болот. Ошондуктан таза тукум мал өстүрүү үчүн дыкаттык м-н асыл тукумдук эркек мал тандалып алынат. Тукум куума сапатын жаӊыртып туруу максатында А. т. м. тандоо алардын теги ж-а тукумунун сапаты б-ча жүргүзүлөт. Теги кунардуу ж-а асыл тукумдуу бир нече муундан кийинки А. т. м. өтө баалуу деп эсептелет. Тукумунун сапаты, кунардуулугу ж-а теги документтер б-ча такталып, негизги көрсөткүч төрүнө (мис., сүт багытындагы уйдун сүттүүлүгү, майлуулугу ; эт багытындагы малдын төлүнүн
тез чоӊоюшу; койдун жүндүүлүгү, жүнүнүн сапаты ж. б.) жараша аныкталат.