Difference between revisions of "АЛТЫН КЕНТАШТАРЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АЛТЫН КЕНТАШТАРЫ'''– курамында казып алына турган алтыны бар тоо тектер. А. к-нын
'''АЛТЫН КЕНТАШТАРЫ''' – курамында казып алына турган алтыны бар тоо тектер. Алтын кенташтарынын кендери кездешүү өзгөчөлүгүнө жараша алгачкы (коренной) жана чачынды (россыпь) болуп бөлүнөт. Алгачкы кен катуу таш тоо тектерде гана кезигет. Пайда болуу шарттарына жараша магмалык, пегматит, скарн, гидротерм кендери, ал эми кенташтардын формалары боюнча тарамдар (жилы), линза, кабат (залежь) ж. б. болуп бөлүнөт. Тарамдардын калыңдыгы бир нече ''см''ден 1–2 ''м''ге жетип, кээде андан да калың болот, тереңдиги менен узундугу ондогон ''м''ден бир нече ''км''ге созулат. Алгачкы кендер негизинен кембрийге чейинки мезгилдин жана палеозойдун граниттери (кварц тарамдары түрүндө) менен жанар тоо тектеринде, минералдашкан жана кварцташкан метаморфизм тоо тектеринде кездешет. Алтын кенташтарынын минералдык курамы ар түрдүү: көбүнчө алар кварцтан жана темирдин сульфиддеринен (пирит,марказит) турат, кээде мышьяк (арсенопирит), жез, коргошун, цинк, висмут, сурьма, күмүш жана карбонаттар кезигет. Курамы жана пайда болуу шарттарына жараша алтын кенташтары төмөндөгүдөй негизги формацияларга бөлүнөт: 1) а л т ы н сульфид–кварц формациясы сульфиддер 0,5–30%ке чейин жеткен кварц тарамдары жана тарамчаларынан турат. Мында алтын майда жана чоңураак өлчөмдө болуп, бардык жерде бирдей таралбайт, ал 10–50дөн 1000 г/тга жетет; 2) сульфиддер – тарамчалар жана бүртүкчөлөр түрүндөгү минералдардын зонасы, алтын өтө майда, ал 12 г/гдан ашпайт. Кээде жез-колчедан жана полиметалл кендеринин кычкылдануу зоналарында алтындын топтолушу жүргөндүктөн, алардын өнөр жайлык мааниси бар. Чачынды кен алгачкы кендин талкаланып, башка жерге суу менен агып топтолушунан пайда болот. Мындай кенде алтын кенташтары борпоң (кум, шагыл ж. б.) тоо тектердин арасында чачынды түрүндө жолугат. Адатта, алтын бөлүкчөлөрүнүн өлчөмү эң эле кичинекей, сейрек учурда гана чоңураак болот. Алар «уюган нак алтын» (самородок) деп аталат. Чачынды кендер элювий, аллювий, делювий, деңиздик болуп бөлүнөт. Алгачкы кендеги алтынды бөлүп алуу үчүн алтын кенташтарын талкалап жанчып, анан сымал менен амальгамалоо же цианирлөө ыкмалары пайдаланылат. Чачынды кендердеги алтын атайы жабдылган ноолордо жуулуп, тундуруу жолдору менен бөлүнөт. Алтындын ири кендери: Ыраакы Чыгышта (Чукотка, Колыма-Индигирка), Өзбекстанда (Мурунтау), Уралда (Березовск), Казакстанда (Степняк) ж. б. жерлерде белгилүү. Кыргызстанда Жер-Үй, Насонов, Кум-Төр, Куран-Жайлоо, Макмал, Солтон-Сары, Талды-Булак ж. б. алтын кендери табылган. Чет өлкөлөрдө: Түштүк Африка Республикасында (Витватерсранд), Америкада (Канада, Онтарио провинциясы, Юкона дарыясынын нугу), АКШда (Аляска, Калифорния, Түштүк Дакота), Австралияда (Виктория штатындагы Балларат жана Бендиго кендери) жайгашкан.
кендери кездешүү өзгөчөлүгүнө жараша алгачкы (коренной) ж-а чачынды (россыпь) болуп бөлүнөт.Алгачкы кен катуу таш тоо тектерде гана кезигет. Пайда болуу шарттарына жараша магмалык, пегматит, скарн, гидротерм кендери, ал эми кенташтардын формалары б-ча тарамдар (жилы), линза, кабат (залежь) ж. б. болуп бөлүнөт. Тарамдардын калындыгы бир нече ''см''ден 1–2 ''м''ге жетип, кээде андан да калың болот,тереңдиги м-н уз. ондогон ''м''ден бир нече ''км''ге созулат. Алгачкы кендер негизинен кембрийге
чейинки мезгилдин ж-а палеозойдун граниттери (кварц тарамдары түрүндө) м-н жанар тоо тектеринде, минералдашкан ж-а кварцташкан метаморфизм тоо тектеринде кездешет. А. к-нын минералдык курамы ар түрдүү: көбүнчө алар кварцтан ж-а темирдин сульфиддеринен (пирит,марказит) турат, кээде мышьяк (арсенопирит),жез, коргошун, цинк, висмут, сурьма, күмүш ж-а карбонаттар кезигет. Курамы ж-а пайда болуу шарттарына жараша А. к. төмөндөгүдөй негизги формацияларга бөлүнөт:       1) а л т ы н сульфид–кварц формациясы -сульфиддер 0,5–30%ке чейин жеткен кварц тарамдары         ж-а тарамчаларынан турат. Мында
алтын майда ж-а чоңураак өлчөмдө болуп,бардык жерде бирдей таралбайт, ал 10–50дөн
1000 г/тга жетет; 2) сульфиддер – тарамчалар ж-а бүртүкчөлөр түрүндөгү минералдардын зонасы, алтын өтө майда, ал 12 г/гдан ашпайт. Кээде жез-колчедан ж-а полиметалл кендеринин кычкылдануу зоналарында алтындын топтолушу жүргөндүктөн, алардын өнөр жайлык мааниси бар. Чачынды кен алгачкы кендин талкаланып, башка жерге суу менен агып топтолушунан пайда болот. Мындай кенде А. к. борпоң (кум, шагыл ж. б.) тоо тектердин арасында чачынды түрүндө жолугат. Адатта, алтын бөлүкчөлөрүнүн өлчөмү эң эле кичинекей, сейрек учурда гана чоңураак болот. Алар «уюган нак алтын» (самородок) деп аталат. Чачынды кендер элювий, аллювий, делювий, деңиздик болуп бөлүнөт. Алгачкы кендеги алтынды бөлүп алуу үчүн А. к-н талкалап жанчып, анан сымал менен амальгамалоо же цианирлөө ыкмалары пайдаланылат. Чачынды кендердеги алтын атайы жабдылган ноолордо жуулуп, тундуруу жолдору менен бөлүнөт. Алтындын ири кендери: Ыраакы Чыгышта (Чукотка, Колыма-Индигирка), Өзбекстанда (Мурунтау), Уралда (Березовск), Казакстанда (Степняк) ж. б. жерлерде белгилүү. Кырг-нда Жер-Үй, Насонов, Кум-Төр, Куран-Жайлоо, Макмал, Солтон-Сары, Талды-Булак ж. б.алтын кендери табылган. Чет өлкөлөрдө: Түш. Африка Респ-нда (Витватерсранд), Америкада (Канада, Онтарио провинциясы, Юкона д-нын нугу), АКШда (Аляска, Калифорния, Түш. Дакота), Австралияда (Виктория штатындагы Балларат ж-а Бендиго кендери) жайгашкан.

15:37, 20 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы

АЛТЫН КЕНТАШТАРЫ – курамында казып алына турган алтыны бар тоо тектер. Алтын кенташтарынын кендери кездешүү өзгөчөлүгүнө жараша алгачкы (коренной) жана чачынды (россыпь) болуп бөлүнөт. Алгачкы кен катуу таш тоо тектерде гана кезигет. Пайда болуу шарттарына жараша магмалык, пегматит, скарн, гидротерм кендери, ал эми кенташтардын формалары боюнча тарамдар (жилы), линза, кабат (залежь) ж. б. болуп бөлүнөт. Тарамдардын калыңдыгы бир нече смден 1–2 мге жетип, кээде андан да калың болот, тереңдиги менен узундугу ондогон мден бир нече кмге созулат. Алгачкы кендер негизинен кембрийге чейинки мезгилдин жана палеозойдун граниттери (кварц тарамдары түрүндө) менен жанар тоо тектеринде, минералдашкан жана кварцташкан метаморфизм тоо тектеринде кездешет. Алтын кенташтарынын минералдык курамы ар түрдүү: көбүнчө алар кварцтан жана темирдин сульфиддеринен (пирит,марказит) турат, кээде мышьяк (арсенопирит), жез, коргошун, цинк, висмут, сурьма, күмүш жана карбонаттар кезигет. Курамы жана пайда болуу шарттарына жараша алтын кенташтары төмөндөгүдөй негизги формацияларга бөлүнөт: 1) а л т ы н сульфид–кварц формациясы – сульфиддер 0,5–30%ке чейин жеткен кварц тарамдары жана тарамчаларынан турат. Мында алтын майда жана чоңураак өлчөмдө болуп, бардык жерде бирдей таралбайт, ал 10–50дөн 1000 г/тга жетет; 2) сульфиддер – тарамчалар жана бүртүкчөлөр түрүндөгү минералдардын зонасы, алтын өтө майда, ал 12 г/гдан ашпайт. Кээде жез-колчедан жана полиметалл кендеринин кычкылдануу зоналарында алтындын топтолушу жүргөндүктөн, алардын өнөр жайлык мааниси бар. Чачынды кен алгачкы кендин талкаланып, башка жерге суу менен агып топтолушунан пайда болот. Мындай кенде алтын кенташтары борпоң (кум, шагыл ж. б.) тоо тектердин арасында чачынды түрүндө жолугат. Адатта, алтын бөлүкчөлөрүнүн өлчөмү эң эле кичинекей, сейрек учурда гана чоңураак болот. Алар «уюган нак алтын» (самородок) деп аталат. Чачынды кендер элювий, аллювий, делювий, деңиздик болуп бөлүнөт. Алгачкы кендеги алтынды бөлүп алуу үчүн алтын кенташтарын талкалап жанчып, анан сымал менен амальгамалоо же цианирлөө ыкмалары пайдаланылат. Чачынды кендердеги алтын атайы жабдылган ноолордо жуулуп, тундуруу жолдору менен бөлүнөт. Алтындын ири кендери: Ыраакы Чыгышта (Чукотка, Колыма-Индигирка), Өзбекстанда (Мурунтау), Уралда (Березовск), Казакстанда (Степняк) ж. б. жерлерде белгилүү. Кыргызстанда Жер-Үй, Насонов, Кум-Төр, Куран-Жайлоо, Макмал, Солтон-Сары, Талды-Булак ж. б. алтын кендери табылган. Чет өлкөлөрдө: Түштүк Африка Республикасында (Витватерсранд), Америкада (Канада, Онтарио провинциясы, Юкона дарыясынын нугу), АКШда (Аляска, Калифорния, Түштүк Дакота), Австралияда (Виктория штатындагы Балларат жана Бендиго кендери) жайгашкан.