Difference between revisions of "АСФАЛЬТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
556-684>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

00:36, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

(гр. аsрhаltоs ‒ тоо чайыры) ‒ битум м-н майда минерал заттардын (акиташ, кум ж. б.) аралашмасынан турган курулуш текзаты (материалы). А. табигый ж-а жасалма болуп бөлүнөт. Т а б и г ы й А. жеӊил фракциялар дын бууланышынын ж-а гипергенездин таасири астында окистенишинин натыйжасында нефтиден пайда болот. Нефть адегенде илээшкек коюу мальтка, андан кийин оӊой эрүүчү катуу А-ка айланат. А-тын андан ары өзгөрүшү асфальтитти пайда кылат. А. жаратылышта курамы 2‒20%ке чейин асфальтити бар аки

таш тегинин, доломиттин ж. б. тоотектеринин жаракасында кезигет. Ж а- с а л м а А. майдаланган минералдык заттарга аралашты рылган 13‒60% битум аралашмасы. Табигый А-тын курамында нефть майы көп ж-а бир нече процент парафин болот. А. күкүмдөрүн ысытуу убагында аларды табигый же нефть битуму м-н аралашты рып, А. мастикасын даярдайт. А. мастикасы бир өӊчөй түзүлүштө болууга ж-а андагы битумдун кошундусу б-ча салмагы 13%тен кем болбоого тийиш.