Difference between revisions of "АК-ДӨБӨ - Талас облусундагы кыштак"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АК-ДӨБӨ''' - Талас облусунун Бакай‑Ата районундагы кыштак. Ак­-Дөбө айыл аймагына караштуу. Талас – Тараз (Казакстан) автомобиль жолунун боюнда, Та­лас дарыясынын сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1070 ''м'' би­йиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ба­кай‑Ата кыштагынан 13 ''км'' түндүк-чыгыш тарапта. Тараз (Казакстан) темир жол бекетинен 95 ''км.'' 1891‑ | '''АК-ДӨБӨ''' - Талас облусунун Бакай‑Ата районундагы кыштак. Ак­-Дөбө айыл аймагына караштуу. Талас – Тараз (Казакстан) автомобиль жолунун боюнда, Та­лас дарыясынын сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1070 ''м'' би­йиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ба­кай‑Ата кыштагынан 13 ''км'' түндүк-чыгыш тарапта. Тараз (Казакстан) темир жол бекетинен 95 ''км.'' 1891‑жылы отурукташкан. Калкы 4290 (2009); не­гизинен дыйканчылыкта <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> мал чарбасында эмгектенет. Талас дарыясынан чыгарылган Чоң Талас каналы айылды батыш тарабынан кесип өтөт. Эки орто мектеп, китепкана, бала бакча, амбулатория, турмуш‑тиричилик комбинатынын бө­лүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта кур­ман болгондорго эстелик тургузулган. Жеке мен­чик «Боорукер» үйү ачылган (1994; үй ээси А. Бо­ромбаев). Анда кароосуз калган кары‑картаңдар багылат. Кыштакта КРнын эл сүрөтчүсү ''Т. Гер­цен'' туулган.<br> |
12:11, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы
АК-ДӨБӨ - Талас облусунун Бакай‑Ата районундагы кыштак. Ак-Дөбө айыл аймагына караштуу. Талас – Тараз (Казакстан) автомобиль жолунун боюнда, Талас дарыясынын сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1070 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Бакай‑Ата кыштагынан 13 км түндүк-чыгыш тарапта. Тараз (Казакстан) темир жол бекетинен 95 км. 1891‑жылы отурукташкан. Калкы 4290 (2009); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Талас дарыясынан чыгарылган Чоң Талас каналы айылды батыш тарабынан кесип өтөт. Эки орто мектеп, китепкана, бала бакча, амбулатория, турмуш‑тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Жеке менчик «Боорукер» үйү ачылган (1994; үй ээси А. Боромбаев). Анда кароосуз калган кары‑картаңдар багылат. Кыштакта КРнын эл сүрөтчүсү Т. Герцен туулган.