Difference between revisions of "АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН ЖАЙГАШТЫРУУ"
Jump to navigation
Jump to search
м (Temirkan moved page АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН ЖАЙГАПГТЫРУУ to АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН ЖАЙГАШТЫРУУ) |
|
(Айырма жок)
|
16:26, 8 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы
АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН ЖАЙГАШТЫРУУ– өлкөнүн аймактарындагы топурак, климаттык шарт, айдоо аянтынын структурасы, рыноктун алыс‑жакындыгы, экон. жана социал. инфраструктуранын өнүгүшү жана жайгашышы, калктын жыштыгы жана анын жайгашуу мүнөзү сыяктуу факторлорду эске алуу менен а. ч. өндүрүшүнүн геогр. бөлүштүрүлүшү. Мында эмгектин коомдук бөлүнүшүндө айрым аймактардын салымы аныкталат жана а. ч. продукциясынын тигил же бул түрүн өндүрүүгө адистештирүүгө шарт түзүлөт. Мис., Нарын обл‑нда негизинен мал чарбасы, анын ичинде кой жана жылкы чарбалары жайгаштырылган. Айыл чарбасын адиcmeшmupyy жана А. ч. ө. ж. эмгектин коомдук бөлүнүшүндө өз ара байланыштуу жана бири бирин шарттап турат.
А.С. Ажыбеков.