Difference between revisions of "АЙХАЛ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙХАЛ''' – Якутиядагы алмаздын ири кени; | '''АЙХАЛ''' – Якутиядагы алмаздын ири кени; Айхал шаарына жакын. 1960‑жылы ачылып, 1961‑жыл­дан карьерден, 1997‑жылдан жер астынан (680 ''м'' тереңдикке чейин) казылып алынат. Алгач­кы запасы боюнча Россиядагы эң ири 5 кендин бири. Калган запасы 40‑50 млн ''карат. Якутия алмаздуу провинциясындагы'' Далдын‑Алакит кимберлит талаасында жайгашкан. Ордовик, силурдун терриген‑карбонаттуу тоо тектерин жиреп чыккан, татаал конфигурациядагы, дээр­лик вертикаль багытындагы кимберлит түтүгү. Кратьер бөлүгүн чөкмө‑жанар тоо тектери, кимберлит туфтары (калындыгы 120 ''м),'' колкосун кимберлит брекчиялары түзөт. Курамында ал­маз өтө көп (орточо өлчөмү 5,5 ''карат/п),'' сапа­ты төмөн майда таштар басымдуу (ромбодо­декаэдр 60%), зергерлик калдыгы 25%ке чейин (1997‑жылга карата массасы 50 караттан аш­кан 7 алмаз өндүрүлүп алынган).<br> |
13:51, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы
АЙХАЛ – Якутиядагы алмаздын ири кени; Айхал шаарына жакын. 1960‑жылы ачылып, 1961‑жылдан карьерден, 1997‑жылдан жер астынан (680 м тереңдикке чейин) казылып алынат. Алгачкы запасы боюнча Россиядагы эң ири 5 кендин бири. Калган запасы 40‑50 млн карат. Якутия алмаздуу провинциясындагы Далдын‑Алакит кимберлит талаасында жайгашкан. Ордовик, силурдун терриген‑карбонаттуу тоо тектерин жиреп чыккан, татаал конфигурациядагы, дээрлик вертикаль багытындагы кимберлит түтүгү. Кратьер бөлүгүн чөкмө‑жанар тоо тектери, кимберлит туфтары (калындыгы 120 м), колкосун кимберлит брекчиялары түзөт. Курамында алмаз өтө көп (орточо өлчөмү 5,5 карат/п), сапаты төмөн майда таштар басымдуу (ромбододекаэдр 60%), зергерлик калдыгы 25%ке чейин (1997‑жылга карата массасы 50 караттан ашкан 7 алмаз өндүрүлүп алынган).