Difference between revisions of "АЙДАРБЕКОВ Иманаалы"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

15:16, 5 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы

АЙДАРБЕКОВ Иманаалы (1894, Бишкек уезди – 1937) – саясий жана мамлекеттик ишмер; Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн жигердүү кү­рөшкөндөрдөн. 1909‑жылы Пишпектеги айыл чарба тех­никумун бүтүргөн. 1918–20‑жылдары Пишпек уезддик­-шаардык совет аткому­нун, 1920–21‑жылдары Каракол уезддик ревкомунун мүчө­сү, 1921–23‑жылдары Пишпек уезддик советинин атко­мунун төрагасы, 1923–24‑жылдары Жети‑Суу облустук жер бөлүмүнүн башчысы, обл­аткомдун төрагасы. 1924‑жылы Кыргыз автономия облусунун ревкомунун төрагасы болуп дайындалган. 1925–26‑жылдары Таш­кентте «Орто Азия дан» кеңсесинде башкар­малыктын мүчөсү болгон. 1927–29‑жылдарда Кыргыз АССРинин жеңил өнөр жай жана соода эл комиссары, 1930–31‑жылдарда Кыргыз айыл чарба банкынын башкармалыгынын мүчөсү, Кыргыз АССР юстиция эл комиссары, Кыргыз АССРинин Башкы сотунун төрагасы болуп иштеген.

АЙДАРБЕКОВ 149.png

Айдарбеков Совет­тердин болуштук, уездик, облустук съезддерине бир нече ирет делегат болуп шайланган. Ак‑Суу коз­голоңун, Нарындагы көтөрүлүштү басууга ка­тышкан. Совет бийлигин чыңдоого жигердүү ка­тышкандыгы үчүн Кыргыз АССР Борбордук аткому­нун Ардак грамотасы менен сыйланган. 1937‑жылы жалган жалаа менен атылган. 1991‑жылы сөөгү Ата‑Бейит көрүстөнүнө ариет‑аза күтүү салты менен кайра коюлган.