Difference between revisions of "АЗЫК"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЗЫК''' – кыргыздардын оң канат урууларынын тагай уруулук бирикмесинин курамындагы уруу. Элдик санжыраларда Тагай бийдин бакма баласынан тараган уруу катары баяндалат. Уламыштардын биринде | '''АЗЫК''' – кыргыздардын оң канат урууларынын тагай уруулук бирикмесинин курамындагы уруу. Элдик санжыраларда Тагай бийдин бакма баласынан тараган уруу катары баяндалат. Уламыштардын биринде Азык уруусунун түпкү теги жөнүндө мындай окуялар айтылат: Тагай бий ''ак үйлүү'' болуп, Эреше ханга барганда, анын үй-тиричилигин тейлеп туруш үчүн дайындалган ордо кыздарынын бирин ага убактылуу үйлөндүрөт. Мөөнөтү аяктаган мезгилде, Тагай бий элине кайтар алдында кош бойлуу аялына: «кыз төрөсөң өзүң чоңойтуп, бой жеткенде ыйлабай турган жерге узатып кой, эгер эркек төрөсөң, ал эс тартканда менин тек жайымды түшүндүрүп, белги катары кестигимди (бычак) бер. Эр азамат болсо өзү мени издеп табар», – деп айтып, коштошуп жөнөп кетет. Тагай бий кеткенден кийин аялы эркек төрөп, атын Карачоро коет. Карачоро эр жеткенде атасын издеп жолго чыгат. Ага жолдон селсаяк бир бала кошулат. Ал экөөнө ата‑энесин кандайдыр бир өкүмдар өлтүрүп, андан качып жүргөн дагы бир бала жолугат. Карачоро аны да өзүнө жолдош кылып кошуп алат. Үч бала кыргыздарга келип, Тагай бийди табышат. Ал Карачородон өзү калтырып кеткен кестиги аркылуу өз баласы экендигин тааныган соң, жанындагы эки баланын жөнүн сурайт. Карачоро: бирөө селсаяк бала экен, жолдош кылып алдым, экинчисине азыгымды көтөрттүрүп келдим,- деп жооп берет. Жоопту уккан Тагай бий баламды ээрчип келген балдар экенсиңер, силер да мага уул болуп калдыңар деп, селсаяк баланы Саяк, азык көтөрүп келген балага Азык деп ат коюп, бала кылып алыптыр. Кийин Саяктан саяк уруусу, Азыктан азык уруусу тараган экен. Бул уламыш Азык уруусунун аталышынын элдик этимологиялык чечмелениши катары пайда болгондугун изилдөөчүлөр белгилешет. Уламыш кандайдыр бир деңгээлде бул уруунун оң канат урууларынын арасындагы чоочун этностук компонент экендигин көрсөтөт. Бирок кыргыз эли Азык уруусун кыргыздардын байыркы урууларынын бири катары эсептеп келишкен. Б. Солтоноев жыйнаган маалыматтарда, Азык – байыркы уруу, кыргыздар Алтай‑Каңгайдан келгенде кошо келген уруу, – деп айтылат. Уламыштарга караганда, Тагай бий балдарына энчи бөлүштүрүүдө Азыкка келгенде аны «Нокто атасы» (мааниси Тагай тукумуна кирген кайсыл гана уруу болбосун, олжо бөлүштүрүлгөндө Азыктарга биринчи ж. б‑лардан көбүрөөк бөлгөнгө милдеттүү болгон) кылып дайындайт. Ошондуктан Aзыкты «нокто атасы» же «олжо агасы» деп аташып, аны улуу уруу катары таанышкан. Тарыхый булактарда да Азык уруусу байыркы уруулардан болгондугун көргөзгөн айрым фактылар кездешет. Изилдөөчүлөр Азык уруусунун түпкү тегин орто кылымдарда Түштүк Сибирь аймагында жашаган кыргыздардын кошунасы «аз» эли менен байланыштырат. Белгилүү этнограф С. М. Абрамзон аларды батыш түрк урууларынын бири – «асигилер» менен жакындаштырат, ошондой эле түргөштөрдүн «азийлери» менен да окшоштурат. Азык уруусун азыркы теленгуттар менен кыштымдардын курамына кирген алтайлык «төрт‑ас» тобу менен салыштырса болот. Себеби, алтайлык «төрт‑ас» уругу сыяктуу эле кыргыздардын Азык уруусу да «төрт тамгалуу Азык» деп төрткө бөлүнгөндүгү алардын тарыхый бир мезгилдерге тектеш элементтерден болгондугун далилдейт. Көпчүлүк изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча Азык уруусунун түпкү теги орто кылымдардагы «аз» деп аталган этностук топ менен тыгыз байланышта болгон. Этнонимден байыркы түрк тилинде «аз» жана «ок» деген сөздөрдөн «азык» аталып кеткендиги байкалат. Азык уруусу негизинен бычман, козугуна, байкүчүк жана бөрү деген төрт урукка бөлүнүп, «төрт тамгалуу Азык» деп аталат. Булардын ичинен «бөрү» уругун Азыктын багып алган баласы же анын жээни деп баяндаган санжыралык уламыштар кездешет. Азык уруусу негизинен Нарын облусунун Кочкор жана Ат‑Башы, Чүй облусунун Кемин жана Жайыл райондорунун айрым кыштактарында жайланышкан. Сан жагынан анча көп болбостон, илгертеден эле сарыбагыш уруусу менен бирге, ымалалаш уруу болуп эсептелинип келген.
''Р. Жолдошов.''

10:48, 5 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы
АЗЫК – кыргыздардын оң канат урууларынын тагай уруулук бирикмесинин курамындагы уруу. Элдик санжыраларда Тагай бийдин бакма баласынан тараган уруу катары баяндалат. Уламыштардын биринде Азык уруусунун түпкү теги жөнүндө мындай окуялар айтылат: Тагай бий ак үйлүү болуп, Эреше ханга барганда, анын үй-тиричилигин тейлеп туруш үчүн дайындалган ордо кыздарынын бирин ага убактылуу үйлөндүрөт. Мөөнөтү аяктаган мезгилде, Тагай бий элине кайтар алдында кош бойлуу аялына: «кыз төрөсөң өзүң чоңойтуп, бой жеткенде ыйлабай турган жерге узатып кой, эгер эркек төрөсөң, ал эс тартканда менин тек жайымды түшүндүрүп, белги катары кестигимди (бычак) бер. Эр азамат болсо өзү мени издеп табар», – деп айтып, коштошуп жөнөп кетет. Тагай бий кеткенден кийин аялы эркек төрөп, атын Карачоро коет. Карачоро эр жеткенде атасын издеп жолго чыгат. Ага жолдон селсаяк бир бала кошулат. Ал экөөнө ата‑энесин кандайдыр бир өкүмдар өлтүрүп, андан качып жүргөн дагы бир бала жолугат. Карачоро аны да өзүнө жолдош кылып кошуп алат. Үч бала кыргыздарга келип, Тагай бийди табышат. Ал Карачородон өзү калтырып кеткен кестиги аркылуу өз баласы экендигин тааныган соң, жанындагы эки баланын жөнүн сурайт. Карачоро: бирөө селсаяк бала экен, жолдош кылып алдым, экинчисине азыгымды көтөрттүрүп келдим,- деп жооп берет. Жоопту уккан Тагай бий баламды ээрчип келген балдар экенсиңер, силер да мага уул болуп калдыңар деп, селсаяк баланы Саяк, азык көтөрүп келген балага Азык деп ат коюп, бала кылып алыптыр. Кийин Саяктан саяк уруусу, Азыктан азык уруусу тараган экен. Бул уламыш Азык уруусунун аталышынын элдик этимологиялык чечмелениши катары пайда болгондугун изилдөөчүлөр белгилешет. Уламыш кандайдыр бир деңгээлде бул уруунун оң канат урууларынын арасындагы чоочун этностук компонент экендигин көрсөтөт. Бирок кыргыз эли Азык уруусун кыргыздардын байыркы урууларынын бири катары эсептеп келишкен. Б. Солтоноев жыйнаган маалыматтарда, Азык – байыркы уруу, кыргыздар Алтай‑Каңгайдан келгенде кошо келген уруу, – деп айтылат. Уламыштарга караганда, Тагай бий балдарына энчи бөлүштүрүүдө Азыкка келгенде аны «Нокто атасы» (мааниси Тагай тукумуна кирген кайсыл гана уруу болбосун, олжо бөлүштүрүлгөндө Азыктарга биринчи ж. б‑лардан көбүрөөк бөлгөнгө милдеттүү болгон) кылып дайындайт. Ошондуктан Aзыкты «нокто атасы» же «олжо агасы» деп аташып, аны улуу уруу катары таанышкан. Тарыхый булактарда да Азык уруусу байыркы уруулардан болгондугун көргөзгөн айрым фактылар кездешет. Изилдөөчүлөр Азык уруусунун түпкү тегин орто кылымдарда Түштүк Сибирь аймагында жашаган кыргыздардын кошунасы «аз» эли менен байланыштырат. Белгилүү этнограф С. М. Абрамзон аларды батыш түрк урууларынын бири – «асигилер» менен жакындаштырат, ошондой эле түргөштөрдүн «азийлери» менен да окшоштурат. Азык уруусун азыркы теленгуттар менен кыштымдардын курамына кирген алтайлык «төрт‑ас» тобу менен салыштырса болот. Себеби, алтайлык «төрт‑ас» уругу сыяктуу эле кыргыздардын Азык уруусу да «төрт тамгалуу Азык» деп төрткө бөлүнгөндүгү алардын тарыхый бир мезгилдерге тектеш элементтерден болгондугун далилдейт. Көпчүлүк изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча Азык уруусунун түпкү теги орто кылымдардагы «аз» деп аталган этностук топ менен тыгыз байланышта болгон. Этнонимден байыркы түрк тилинде «аз» жана «ок» деген сөздөрдөн «азык» аталып кеткендиги байкалат. Азык уруусу негизинен бычман, козугуна, байкүчүк жана бөрү деген төрт урукка бөлүнүп, «төрт тамгалуу Азык» деп аталат. Булардын ичинен «бөрү» уругун Азыктын багып алган баласы же анын жээни деп баяндаган санжыралык уламыштар кездешет. Азык уруусу негизинен Нарын облусунун Кочкор жана Ат‑Башы, Чүй облусунун Кемин жана Жайыл райондорунун айрым кыштактарында жайланышкан. Сан жагынан анча көп болбостон, илгертеден эле сарыбагыш уруусу менен бирге, ымалалаш уруу болуп эсептелинип келген.
Р. Жолдошов.