Difference between revisions of "АЖЫКЕ"
м (Temirkan moved page АЖЫКЕ Жайлоо to АЖЫКЕ over redirect) |
|
(Айырма жок)
|
11:41, 4 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы
АЖЫКЕ – Түштүк Кыргызстандагы жайлоо, табигый кооз жер. Тар суусунун алабында. Чыгышынан Чакан‑Таш тоосу, түштүк-батышынан жана батышынан Ак‑Башат, Чалкан тоо кырлары менен чектешет. Кара‑Кулжа кыштагынан 40‑45 км түштүк-чыгыш тарапта. Аянты 30 км2дей, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1800–2300 м, эң бийик жери 2600 м (Чакан‑Таш тоосунда). Ажыкенин түштүк жана чыгыш капталы тик келип, түндүк-батышка жантайыңкы. Бор мезгилинде пайда болгон акиташ тектеринен турат. Батыш жана түндүк-батыш капталы палеоген‑неоген мезгилдеринин конгломерат, кумдуу чопо жана гипс тектери менен капталган. Өрөөндөн Ажыке суусу агып өтөт. Климаты континенттик, жылдык орточо температурасы 3,2°С, январдыкы –15,1°С, июлдуку – 15,4°С. Жылдык жаан‑чачыны 345 мм. Батыш жана түндүк капталында карагай, арча токою, чыгыш жана түштүк беттеринде майда бадал, сейрек арча өсөт. Ажыкеге талаа, токой, субальп жана альп шалбаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Табиятына карагай, арча, четин, шилби, табылгы, дарак‑бадалдар; бетеге, шыбак ж. б. өсүмдүктөр кооздук берип турат. Жайлоого Кара‑Кулжа районунун малы жайылат.