Difference between revisions of "АК-ТҮЗ КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ"
м (→top: clean up, replaced: ж-а → жана (2)) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АК-ТҮЗ КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ''' Чүй | '''АК-ТҮЗ КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ''' Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Түз кыштагына жакын жайгаштырылган. Ак-Түз мамлекеттик акционердик коомуна караштуу. Төрт участоктон турат: биринчисинин аянты 40 миӊ ''м''2 (1942‒55-жж. иштеген), экинчисиники 130 миӊ ''м''2 (1971‒94-жж.), үчүнчүсүнүкү 30 миӊ ''м''2 (1965‒94-жж.), төртүнчүсүнүкү 158 миӊ ''м''2 (1978‒93-жж.). Төртүнчүсүнөн башкалары консервацияланган. Буларда Ак-Түз сейрек металлдар жана Борду полиметалл кендеринин рудасын иштетип, пайдалуу металлдарды бөлүп алгандан кийин калган, курамында коргошун, цинк, жез, торий ж. б., сейрек кездешүүчү металлдар, ошондой эле айрым минерал түрлөрү (хлорит, серицит, цитролит, циркон ж. б.) бар кенташ (руда) калдыктары сакталат. Гамма нурлануу өлчөмү 25‒40 ''мкр/с''. Азыр тынч абалда (табигый жана антропогендик кийлигишүүсүз), экологиялык жактан коркунуч туудурбайт. Бирок, 1998-ж. жазында төртүнчү участоктун дамбасынан суу ашкандыгы байкалган. Ошондуктан көзөмөл жүргүзүп туруу зарыл.
Ад.: Геоэкологическая безопасность и риск природно -техногенных катастроф на территории Кыргызстана. Б., 1999.

Ад.: Геоэкологическая безопасность и риск природно -техногенных катастроф на территории Кыргызстана. Б., 1999.

11:44, 30 Август (Баш оона) 2023 -деги абалы
АК-ТҮЗ КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Түз кыштагына жакын жайгаштырылган. Ак-Түз мамлекеттик акционердик коомуна караштуу. Төрт участоктон турат: биринчисинин аянты 40 миӊ м2 (1942‒55-жж. иштеген), экинчисиники 130 миӊ м2 (1971‒94-жж.), үчүнчүсүнүкү 30 миӊ м2 (1965‒94-жж.), төртүнчүсүнүкү 158 миӊ м2 (1978‒93-жж.). Төртүнчүсүнөн башкалары консервацияланган. Буларда Ак-Түз сейрек металлдар жана Борду полиметалл кендеринин рудасын иштетип, пайдалуу металлдарды бөлүп алгандан кийин калган, курамында коргошун, цинк, жез, торий ж. б., сейрек кездешүүчү металлдар, ошондой эле айрым минерал түрлөрү (хлорит, серицит, цитролит, циркон ж. б.) бар кенташ (руда) калдыктары сакталат. Гамма нурлануу өлчөмү 25‒40 мкр/с. Азыр тынч абалда (табигый жана антропогендик кийлигишүүсүз), экологиялык жактан коркунуч туудурбайт. Бирок, 1998-ж. жазында төртүнчү участоктун дамбасынан суу ашкандыгы байкалган. Ошондуктан көзөмөл жүргүзүп туруу зарыл.
Ад.: Геоэкологическая безопасность и риск природно -техногенных катастроф на территории Кыргызстана. Б., 1999.