Difference between revisions of "АДЖАНТА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АДЖАНТА''' – Бат. Индияда Вахор д‑нын өрөө­нүндөгү аскага чегилип жасалган будда монас­тырынын үңкүр комплекси. Анда чайттардан (храм) жана вихарлардан (келье) турган 30га жакын жайлар курулган. А‑дагы эстеликтер негизинен б. з. 4–5‑к‑на, ал эми 5 залы (ошол мезгилдеги дубалга тартылган сүрөттөрдүн бир бөлүгү сактал калган) б. з. ч. 2–1‑к‑га таандык.

'''АДЖАНТА''' – Батыш  Индияда Вахор дарыясынын өрөө­нүндөгү аскага чегилип жасалган будда монас­тырынын үңкүр комплекси. Анда чайттардан (храм) жана вихарлардан (келье) турган 30га жакын жайлар курулган. Аджантадагы эстеликтер негизинен б. з. 4–5‑кылымына, ал эми 5 залы (ошол мезгилдеги дубалга тартылган сүрөттөрдүн бир бөлүгү сактал калган) б. з. ч. 2–1‑кылымга таандык.

[[File:АДЖАНТА1.png | thumb|Үңкүрдөгү сүрөттөн фрагмент, Ансара («асман кызы»), 5–7‑к.]]
[[File:АДЖАНТА1.png | thumb|Үңкүрдөгү сүрөттөн фрагмент, Ансара («асман кызы»), 5–7‑к.]]
А. үңкүрү айбанаттар жана өсүмдүктөрдүн сүрөттөрү, о. эле буддалык уламыштардан алынган мотивдер менен кооздолуп, скульптура менен архитектуранын бирдиктүү айкалышынан турат.  А‑дагы кайталангыс оймо‑чиймелер, турмуштук байкоолорго, өткүр фантазияга жана композициялык  көркөмдүккө бай кооздугу Индиянын ошол кездеги көп  жактуу турмушун чагылдырат.

Аджанта  үңкүрү айбанаттар жана өсүмдүктөрдүн сүрөттөрү, ошондой  эле буддалык уламыштардан алынган мотивдер менен кооздолуп, скульптура менен архитектуранын бирдиктүү айкалышынан турат.  Аджантадагы кайталангыс оймо‑чиймелер, турмуштук байкоолорго, өткүр фантазияга жана композициялык  көркөмдүккө бай кооздугу Индиянын ошол кездеги көп  жактуу турмушун чагылдырат.

09:11, 30 Август (Баш оона) 2023 -деги абалы

АДЖАНТА – Батыш Индияда Вахор дарыясынын өрөө­нүндөгү аскага чегилип жасалган будда монас­тырынын үңкүр комплекси. Анда чайттардан (храм) жана вихарлардан (келье) турган 30га жакын жайлар курулган. Аджантадагы эстеликтер негизинен б. з. 4–5‑кылымына, ал эми 5 залы (ошол мезгилдеги дубалга тартылган сүрөттөрдүн бир бөлүгү сактал калган) б. з. ч. 2–1‑кылымга таандык.

Үңкүрдөгү сүрөттөн фрагмент, Ансара («асман кызы»), 5–7‑к.