Difference between revisions of "АЖЫКЕ АНГИДРИТ КЕНИ"
Jump to navigation
Jump to search
м (→top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЖЫКЕ АНГИДРИТ КЕНИ''' Ош | '''АЖЫКЕ АНГИДРИТ КЕНИ''' Ош облусунун Кара-Кулжа районунда, Кара‑Кулжа кыштагынан 25 ''км'' аралыкта, Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталындагы Тар суусунун алабында, деңиз деңгээлинен 2020–2179 ''м'' бийиктикте жайгашкан. 1986‑ж. геологиялык чалгындоо иштери аткарылган. Кен аймагын бор, палеоген‑неоген мезгилдеринде пайда болгон чөкмө тектер түзөт. Кендүү катмар бор мезгилинде пайда болгон акиташ тектеринин арасында жайгашкан. Ангидрит катмарынын узундугу 1,5 ''км,'' калыңдыгы 10 ''м.'' Таштын өңү күрөң, ачык боз, көгүш боз. Кенден блок алуу мүмкүнчүлүгү 50%ке жетет. 1 ''м<sup>3'' блоктон 14–20 такта алынат. Ангидрит имараттын ички дубалын каптап кооздоого <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> кооз буюмдарды жасоого жарамдуу. Запасы C<sub>1</sub>+C<sub>1</sub> категориясы боюнча 1857,4 миң ''м<sup>3</sup>.''<br> |
17:49, 16 Август (Баш оона) 2023 -деги абалы
АЖЫКЕ АНГИДРИТ КЕНИ Ош облусунун Кара-Кулжа районунда, Кара‑Кулжа кыштагынан 25 км аралыкта, Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталындагы Тар суусунун алабында, деңиз деңгээлинен 2020–2179 м бийиктикте жайгашкан. 1986‑ж. геологиялык чалгындоо иштери аткарылган. Кен аймагын бор, палеоген‑неоген мезгилдеринде пайда болгон чөкмө тектер түзөт. Кендүү катмар бор мезгилинде пайда болгон акиташ тектеринин арасында жайгашкан. Ангидрит катмарынын узундугу 1,5 км, калыңдыгы 10 м. Таштын өңү күрөң, ачык боз, көгүш боз. Кенден блок алуу мүмкүнчүлүгү 50%ке жетет. 1 м3 блоктон 14–20 такта алынат. Ангидрит имараттын ички дубалын каптап кооздоого жана кооз буюмдарды жасоого жарамдуу. Запасы C1+C1 категориясы боюнча 1857,4 миң м3.