Difference between revisions of "АДАБИЯТ ТЕОРИЯСЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АДАБИЯТ ТЕОРИЯСЫ''' ‒ сөз өнөрүнүн табиятын, анын жолдору менен методологиясын, адабий процессти, рухий-эстетикалык баалуулуктарын, анын түзүмүн жана өнүгүшүнүн жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдей турган ''адабият таануу ''илиминин бир бөлүгү. Ал көркөм адабияттын пайда болуу жана өнүгүү мыйзам ченемдерин, өзгөчөлүгүн, социалдык табиятын жана маанисин изилдеп, адабияттын идеялык-эстетикалык тажрыйбасын теориялык жактан жалпылайт, адабий процесстин түпкүлүктүү мыйзамдарын ачат, адабияттык анализдин жана синтездин принциптерин иштеп чыгат. Адабият теориясы эӊ оболу адабият тарыхы менен байланыштуу өнүгөт. Ал ошондой эле эстетика, адабий сын менен да эриш-аркак байланышта болот. Адабият теориясы өзүнүн теориялык корутундуларын иштеп чыгууда бир чети эстетиканын мыйзам ченемдүүлүгүнө таянса, бир чети адабият тарыхында чогултулган фактыларга таянат. Өз кезегинде адабият теориясынын негизги жоболору адабият тарыхчысы менен сынчынын ишине таасирин тийгизип, жалпы адабий процессти анализдөөнүн принциптерин аныктайт. Адабият теориясынын тарыхы байыркы доордогу (Индостан, Кытай, Байыркы Грек, Байыркы Түрк жана башка) элдердеги сөз өнөрүнө коюлган талаптардан башталары айтылып келет. Адабият теориясынын башталышында Аристотель менен Абу Наср ал-Фараби жана башкалардын эмгектери турат. Аристотелдин «Поэзия өнөрү жөнүндө» («Поэтика») трактатынын, башка дагы байыркы доордун эстетикасы тууралуу жазган эмгектеринин мааниси чоӊ. Абу Наср ал-Фарабинин «Ыр өнөрүнүн эрежелери» тууралуу трактатынын да орду адабият тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. 17‒18-кылымдан баштап Н. Буало, Д. Дидро, Д. Лессинг, И. Гердер, И. Гёте, Ф.Шиллер, 18-кылымдын аягы‒19-кылымдындын башында немец философтору И. Кант, И. Фихте, Ф. Шеллинг, Г. Гегель ж. б. адабият таануудагы баштоочтордон болгон. Россияда М.В. Ломоносов, Д. Н. Радищев, В. Г. Белинский, Н. Г. Чернышевский, А. Н. Дорболюбов, А. Н. Герцен ж. б. адабият теориясынын өнүгүшүнө чоӊ салым кошушкан. Бүгүнкү замандын адабият таануусуна көз салсак, сөз өнөрүнүн теориялык деӊгээлин жогору бийиктикке көтөргөн америкалык илимпоздор Р. Уэллек менен О. Уоррендин «Адабият теориясы» (1949) деген эмгеги болду. Ал түрк (1960), орус (1978) жана башка тилдерге которулду. Орус адабият таануу илиминде Адабият теориясы боюнча Б. В. Томашевскийдин, Л. И. Тимофеевдин жана башка эмгектери белгилүү. Адабият теориясын иликтөө ишинде Казакстандын, Кыргызстандын адабиятчыларынын өз салымдары бар. Мисалы, казак илимпоздору К. Жумалиевдин «Адабият теориясы» (1969), Е. Ысмаиловдун «Адабият теориясы» (1940), З.Кабдоловдун «Сөз өнөрү» (1982), З. Ахметовдун «Өлөӊ сөздүн теориясы» (1973) жана башка кыргыз адабиятынын теориялык маселелери боюнча Т. Саманчиндин, Б.Керимжанованын, К. Рахматуллиндин, И. Рысалиевдин, М. Борбугуловдун, К. Асаналиевдин, Р. Кыдырбаеванын, А. Садыковдун жана башкалардын эмгектери бар.
'''АДАБИЯТ ТЕОРИЯСЫ''' ‒ сөз өнөрүнүн табиятын, анын жолдору менен методологиясын, адабий процессти, рухий-эстетикалык баалуулуктарын, анын түзүмүн жана өнүгүшүнүн жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдей турган ''адабият таануу ''илиминин бир бөлүгү. Ал көркөм адабияттын пайда болуу жана өнүгүү мыйзам ченемдерин, өзгөчөлүгүн, социалдык табиятын жана маанисин изилдеп, адабияттын идеялык-эстетикалык тажрыйбасын теориялык жактан жалпылайт, адабий процесстин түпкүлүктүү мыйзамдарын ачат, адабияттык анализдин жана синтездин принциптерин иштеп чыгат. Адабият теориясы эӊ оболу адабият тарыхы менен байланыштуу өнүгөт. Ал ошондой эле эстетика, адабий сын менен да эриш-аркак байланышта болот. Адабият теориясы өзүнүн теориялык корутундуларын иштеп чыгууда бир чети эстетиканын мыйзам ченемдүүлүгүнө таянса, бир чети адабият тарыхында чогултулган фактыларга таянат. Өз кезегинде адабият теориясынын негизги жоболору адабият тарыхчысы менен сынчынын ишине таасирин тийгизип, жалпы адабий процессти анализдөөнүн принциптерин аныктайт. Адабият теориясынын тарыхы байыркы доордогу (Индостан, Кытай, Байыркы Грек, Байыркы Түрк жана башка) элдердеги сөз өнөрүнө коюлган талаптардан башталары айтылып келет. Адабият теориясынын башталышында Аристотель менен Абу Наср ал-Фараби жана башкалардын эмгектери турат. Аристотелдин «Поэзия өнөрү жөнүндө» («Поэтика») трактатынын, башка дагы байыркы доордун эстетикасы тууралуу жазган эмгектеринин мааниси чоӊ. Абу Наср ал-Фарабинин «Ыр өнөрүнүн эрежелери» тууралуу трактатынын да орду адабият тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. 17‒18-кылымдан баштап Н. Буало, Д. Дидро, Д. Лессинг, И. Гердер, И. Гёте, Ф.Шиллер, 18-кылымдын аягы‒19-кылымдындын башында немец философтору И. Кант, И. Фихте, Ф. Шеллинг, Г. Гегель ж. б. адабият таануудагы баштоочтордон болгон. Россияда М.В. Ломоносов, Д. Н. Радищев, В. Г. Белинский, Н. Г. Чернышевский, А. Н. Дорболюбов, А. Н. Герцен ж. б. адабият теориясынын өнүгүшүнө чоӊ салым кошушкан. Бүгүнкү замандын адабият таануусуна көз салсак, сөз өнөрүнүн теориялык деӊгээлин жогору бийиктикке көтөргөн америкалык илимпоздор Р. Уэллек менен О. Уоррендин «Адабият теориясы» (1949) деген эмгеги болду. Ал түрк (1960), орус (1978) жана башка тилдерге которулду. Орус адабият таануу илиминде Адабият теориясы боюнча Б. В. Томашевскийдин, Л. И. Тимофеевдин жана башка эмгектери белгилүү. Адабият теориясын иликтөө ишинде Казакстандын, Кыргызстандын адабиятчыларынын өз салымдары бар. Мисалы, казак илимпоздору К. Жумалиевдин «Адабият теориясы» (1969), Е. Ысмаиловдун «Адабият теориясы» (1940), З.Кабдоловдун «Сөз өнөрү» (1982), З. Ахметовдун «Өлөӊ сөздүн теориясы» (1973) жана кыргыз адабиятынын теориялык маселелери боюнча Т. Саманчиндин, Б.Керимжанованын, К. Рахматуллиндин, И. Рысалиевдин, М. Борбугуловдун, К. Асаналиевдин, Р. Кыдырбаеванын, А. Садыковдун жана башкалардын эмгектери бар.

Ад.: ''Садыков А. ''Адабият теориясы. Б., 2002.
Ад.: ''Садыков А. ''Адабият теориясы. Б., 2002.

16:15, 16 Август (Баш оона) 2023 -деги абалы

АДАБИЯТ ТЕОРИЯСЫ ‒ сөз өнөрүнүн табиятын, анын жолдору менен методологиясын, адабий процессти, рухий-эстетикалык баалуулуктарын, анын түзүмүн жана өнүгүшүнүн жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдей турган адабият таануу илиминин бир бөлүгү. Ал көркөм адабияттын пайда болуу жана өнүгүү мыйзам ченемдерин, өзгөчөлүгүн, социалдык табиятын жана маанисин изилдеп, адабияттын идеялык-эстетикалык тажрыйбасын теориялык жактан жалпылайт, адабий процесстин түпкүлүктүү мыйзамдарын ачат, адабияттык анализдин жана синтездин принциптерин иштеп чыгат. Адабият теориясы эӊ оболу адабият тарыхы менен байланыштуу өнүгөт. Ал ошондой эле эстетика, адабий сын менен да эриш-аркак байланышта болот. Адабият теориясы өзүнүн теориялык корутундуларын иштеп чыгууда бир чети эстетиканын мыйзам ченемдүүлүгүнө таянса, бир чети адабият тарыхында чогултулган фактыларга таянат. Өз кезегинде адабият теориясынын негизги жоболору адабият тарыхчысы менен сынчынын ишине таасирин тийгизип, жалпы адабий процессти анализдөөнүн принциптерин аныктайт. Адабият теориясынын тарыхы байыркы доордогу (Индостан, Кытай, Байыркы Грек, Байыркы Түрк жана башка) элдердеги сөз өнөрүнө коюлган талаптардан башталары айтылып келет. Адабият теориясынын башталышында Аристотель менен Абу Наср ал-Фараби жана башкалардын эмгектери турат. Аристотелдин «Поэзия өнөрү жөнүндө» («Поэтика») трактатынын, башка дагы байыркы доордун эстетикасы тууралуу жазган эмгектеринин мааниси чоӊ. Абу Наср ал-Фарабинин «Ыр өнөрүнүн эрежелери» тууралуу трактатынын да орду адабият тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. 17‒18-кылымдан баштап Н. Буало, Д. Дидро, Д. Лессинг, И. Гердер, И. Гёте, Ф.Шиллер, 18-кылымдын аягы‒19-кылымдындын башында немец философтору И. Кант, И. Фихте, Ф. Шеллинг, Г. Гегель ж. б. адабият таануудагы баштоочтордон болгон. Россияда М.В. Ломоносов, Д. Н. Радищев, В. Г. Белинский, Н. Г. Чернышевский, А. Н. Дорболюбов, А. Н. Герцен ж. б. адабият теориясынын өнүгүшүнө чоӊ салым кошушкан. Бүгүнкү замандын адабият таануусуна көз салсак, сөз өнөрүнүн теориялык деӊгээлин жогору бийиктикке көтөргөн америкалык илимпоздор Р. Уэллек менен О. Уоррендин «Адабият теориясы» (1949) деген эмгеги болду. Ал түрк (1960), орус (1978) жана башка тилдерге которулду. Орус адабият таануу илиминде Адабият теориясы боюнча Б. В. Томашевскийдин, Л. И. Тимофеевдин жана башка эмгектери белгилүү. Адабият теориясын иликтөө ишинде Казакстандын, Кыргызстандын адабиятчыларынын өз салымдары бар. Мисалы, казак илимпоздору К. Жумалиевдин «Адабият теориясы» (1969), Е. Ысмаиловдун «Адабият теориясы» (1940), З.Кабдоловдун «Сөз өнөрү» (1982), З. Ахметовдун «Өлөӊ сөздүн теориясы» (1973) жана кыргыз адабиятынын теориялык маселелери боюнча Т. Саманчиндин, Б.Керимжанованын, К. Рахматуллиндин, И. Рысалиевдин, М. Борбугуловдун, К. Асаналиевдин, Р. Кыдырбаеванын, А. Садыковдун жана башкалардын эмгектери бар.

Ад.: Садыков А. Адабият теориясы. Б., 2002.