Difference between revisions of "АССИМИЛЯЦИЯ (тил илиминде)"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
556-684>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

00:36, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

т и л и л и м и н д е ‒ жанаша турган үнсүз тыбыштардын артикуля циялык ж-а акустикалык жактан жасалуу таасири астында бири бирине окшошуу процесси. Мис., сөздөгү баштапкы уяӊ же жумшак үнсүздөрдүн таасиринде кийинки каткалаӊ үнсүздүн жумшарышы же тескерисинче, каткалаӊда шуусу. Окшошуу процессинин негизинде толук ж-а толук эмес А. байкалат. Толук А. ‒ жанаша турган үнсүз тыбыштардын бири-бирине толук айкалып айтылышы (мис., «казса» деген сөз «касса» болуп айкашып айтылат). Толук эмес А. ‒ айрым тыбыштардын ар түрдүүчө айтылып, башкача жазылышы (мис., «канга» деген сөз «каӊга» болуп айтылат).