Difference between revisions of "АВАРЛАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → менен (6), ж-а → жана (5))
1 -сап: 1 -сап:
'''АВАРЛАР''', а п а р л а р – түрк тилдүү эл; байыркы калк. Алгач Борб. Азияда жужандар деген ат менен белгилүү болгон. 5-к-да ал аймакта мамлекетин негиздешкен. Түрктөр тарабынан талкаланган соң, алардын бир бөлүгү Борб. Азиядан Европа аймагына оошуп келип, Каспий, Кара деңиздеринин жээктерин, Дунай боюн, Балкан жерлерин басып алып, 568-ж. Авар кагандыгын негиздеген. ''Күлтегиндин'' күмбөзүндөгү маркумдун элесине арналган жазууда кыргыз, табгач, тибет, курыкан элдери менен катар А. да эскерилет. А. славян, франк, лангобард, Грузия, Византия жерлерине чабуул жасап турган. А. 8-к-дын 90-жылдарында Улуу Карлдын аскерлери тарабынан талкаланып, Европадагы башка элдердин арасына сиңип кетишет. Европада А-дын көрүстөндөрү арбын изилденип, Венгрияда жана ага коңшу мамлекетте А-га таандык 20 миңге жакын көрүстөн табылган. Көрүстөндөрдө согуштук куралдар көп кездешет. Анткени А-дын көпчүлүк бөлүгүн аскерлер түзгөн. А-дын аскери ондук система б-ча түзүлгөн. Ак сөөктөрдү жана алардын бир туугандарын көрүстөндүн өзгөчө жерине көмүшкөн. Мындай көрүстөндөрдөн алтындан жасалган буюмдар көп кездешет. А-дын негизги чарбасы – жарым көчмөн мал чарбачылыгы болуп, тиричилигинде жылкынын ролу жогору болгон, о. эле бодо мал, эчки, тоок багышкан. А. византиялыктардын алтын тыйындарына окшотуп тыйын чыгарышкан. Алар рун жазуусун билишип, айрым буюмдарга өз белгилерин (эн тамгаларын) түшүрүшкөн. Тили ж-дө маалыматтар аз. Ал тууралуу жеке аттары, титулдары аркылуу болжонот. A-да бакшычылык, бутпараска сыйынуучулук, табынуучулук өкүм сүргөн. Эркин аскерлер (6–9-к.) металл бастырылып кооздолгон кемер курларды курчанышкан. Ушундай эле ыкма менен ат жабдыктары да кооздолгон. Кемер курдун алкагына өсүмдүк орнаменти, адам, айбанат-жырткычтардын турпаты түшүрүлгөн. Жол башчылардын кылычтары алтын, катардагы жоокерлердики күмүш менен кооздолгон. Кээ бир үзөңгүлөрдүн сыртына күмүш чабылган. Кыргндын аймагында хунн жана байыркы түрк мезгилине таандык айрым табылгалар Европада изилденген А-дын буюмдарына жакындыгы аныкталууда. Мис., Бишкек ш-нын түндүгүнөн табылган буюмдар менен Венгриянын Кунбабонь жергесинде табылган буюмдардын мезгили, жасалышы жана мүнөзү жакын. Теңир-Тоодон жана Европадан да табылган аты менен бирге коюлган жоокерлердин көрүстөндөрү бири бирине көп жагынан окшош. Мындай окшоштуктар хунндардын, түрк элдеринин ''Улуу көч доорунда'' Евразияда болуп өткөн тарыхый, этномаданий процесстерге түздөн-түз катышкандыгынын далили.
''К. Табалдиев.''

'''АВАРЛАР''', а п а р л а р – түрк тилдүү эл; байыркы калк. Алгач Борбордук  Азияда жужандар деген ат менен белгилүү болгон. 5-кылымда ал аймакта мамлекетин негиздешкен. Түрктөр тарабынан талкаланган соң, алардын бир бөлүгү Борбордук  Азиядан Европа аймагына оошуп келип, Каспий, Кара деңиздеринин жээктерин, Дунай боюн, Балкан жерлерин басып алып, 568-жылы  Авар кагандыгын негиздеген. ''Күлтегиндин'' күмбөзүндөгү маркумдун элесине арналган жазууда кыргыз, табгач, тибет, курыкан элдери менен катар Аварлар да эскерилет. Аварлар славян, франк, лангобард, Грузия, Византия жерлерине чабуул жасап турган. Аварлар  8-кылымдын 90-жылдарында Улуу Карлдын аскерлери тарабынан талкаланып, Европадагы башка элдердин арасына сиңип кетишет. Европада Аварлардын көрүстөндөрү арбын изилденип, Венгрияда жана ага коңшу мамлекетте Аварларга таандык 20 миңге жакын көрүстөн табылган. Көрүстөндөрдө согуштук куралдар көп кездешет. Анткени Аварлардын көпчүлүк бөлүгүн аскерлер түзгөн. Аварлардын аскери ондук система боюнча түзүлгөн. Ак сөөктөрдү жана алардын бир туугандарын көрүстөндүн өзгөчө жерине көмүшкөн. Мындай көрүстөндөрдөн алтындан жасалган буюмдар көп кездешет. Аварлардын негизги чарбасы – жарым көчмөн мал чарбачылыгы болуп, тиричилигинде жылкынын ролу жогору болгон, ошондой эле бодо мал, эчки, тоок багышкан. Аварлар  византиялыктардын алтын тыйындарына окшотуп тыйын чыгарышкан. Алар рун жазуусун билишип, айрым буюмдарга өз белгилерин (эн тамгаларын) түшүрүшкөн. Тили жөнүндө маалыматтар аз. Ал тууралуу жеке аттары, титулдары аркылуу болжонот. Aварларда бакшычылык, бутпараска сыйынуучулук, табынуучулук өкүм сүргөн. Эркин аскерлер (6–9-к.) металл бастырылып кооздолгон кемер курларды курчанышкан. Ушундай эле ыкма менен ат жабдыктары да кооздолгон. Кемер курдун алкагына өсүмдүк орнаменти, адам, айбанат-жырткычтардын турпаты түшүрүлгөн. Жол башчылардын кылычтары алтын, катардагы жоокерлердики күмүш менен кооздолгон. Кээ бир үзөңгүлөрдүн сыртына күмүш чабылган. Кыргызстандын аймагында хунн жана байыркы түрк мезгилине таандык айрым табылгалар Европада изилденген Аварлардын буюмдарына жакындыгы аныкталууда. Мисалы, Бишкек шаарынын түндүгүнөн табылган буюмдар менен Венгриянын Кунбабонь жергесинде табылган буюмдардын мезгили, жасалышы жана мүнөзү жакын. Теңир-Тоодон жана Европадан да табылган аты менен бирге коюлган жоокерлердин көрүстөндөрү бири бирине көп жагынан окшош. Мындай окшоштуктар хунндардын, түрк элдеринин ''Улуу көч доорунда'' Евразияда болуп өткөн тарыхый, этномаданий процесстерге түздөн-түз катышкандыгынын далили.
''К. Табалдиев.''

17:29, 1 Август (Баш оона) 2023 -деги абалы

АВАРЛАР, а п а р л а р – түрк тилдүү эл; байыркы калк. Алгач Борбордук Азияда жужандар деген ат менен белгилүү болгон. 5-кылымда ал аймакта мамлекетин негиздешкен. Түрктөр тарабынан талкаланган соң, алардын бир бөлүгү Борбордук Азиядан Европа аймагына оошуп келип, Каспий, Кара деңиздеринин жээктерин, Дунай боюн, Балкан жерлерин басып алып, 568-жылы Авар кагандыгын негиздеген. Күлтегиндин күмбөзүндөгү маркумдун элесине арналган жазууда кыргыз, табгач, тибет, курыкан элдери менен катар Аварлар да эскерилет. Аварлар славян, франк, лангобард, Грузия, Византия жерлерине чабуул жасап турган. Аварлар 8-кылымдын 90-жылдарында Улуу Карлдын аскерлери тарабынан талкаланып, Европадагы башка элдердин арасына сиңип кетишет. Европада Аварлардын көрүстөндөрү арбын изилденип, Венгрияда жана ага коңшу мамлекетте Аварларга таандык 20 миңге жакын көрүстөн табылган. Көрүстөндөрдө согуштук куралдар көп кездешет. Анткени Аварлардын көпчүлүк бөлүгүн аскерлер түзгөн. Аварлардын аскери ондук система боюнча түзүлгөн. Ак сөөктөрдү жана алардын бир туугандарын көрүстөндүн өзгөчө жерине көмүшкөн. Мындай көрүстөндөрдөн алтындан жасалган буюмдар көп кездешет. Аварлардын негизги чарбасы – жарым көчмөн мал чарбачылыгы болуп, тиричилигинде жылкынын ролу жогору болгон, ошондой эле бодо мал, эчки, тоок багышкан. Аварлар византиялыктардын алтын тыйындарына окшотуп тыйын чыгарышкан. Алар рун жазуусун билишип, айрым буюмдарга өз белгилерин (эн тамгаларын) түшүрүшкөн. Тили жөнүндө маалыматтар аз. Ал тууралуу жеке аттары, титулдары аркылуу болжонот. Aварларда бакшычылык, бутпараска сыйынуучулук, табынуучулук өкүм сүргөн. Эркин аскерлер (6–9-к.) металл бастырылып кооздолгон кемер курларды курчанышкан. Ушундай эле ыкма менен ат жабдыктары да кооздолгон. Кемер курдун алкагына өсүмдүк орнаменти, адам, айбанат-жырткычтардын турпаты түшүрүлгөн. Жол башчылардын кылычтары алтын, катардагы жоокерлердики күмүш менен кооздолгон. Кээ бир үзөңгүлөрдүн сыртына күмүш чабылган. Кыргызстандын аймагында хунн жана байыркы түрк мезгилине таандык айрым табылгалар Европада изилденген Аварлардын буюмдарына жакындыгы аныкталууда. Мисалы, Бишкек шаарынын түндүгүнөн табылган буюмдар менен Венгриянын Кунбабонь жергесинде табылган буюмдардын мезгили, жасалышы жана мүнөзү жакын. Теңир-Тоодон жана Европадан да табылган аты менен бирге коюлган жоокерлердин көрүстөндөрү бири бирине көп жагынан окшош. Мындай окшоштуктар хунндардын, түрк элдеринин Улуу көч доорунда Евразияда болуп өткөн тарыхый, этномаданий процесстерге түздөн-түз катышкандыгынын далили.
К. Табалдиев.