Difference between revisions of "АБДРАШЕВ Акунжан"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АБДРАШЕВ''' Акунжан Баказович | '''АБДРАШЕВ''' Акунжан Баказович (18. 10. 1955-жылы туулган, Ош (азыркы Жалал-Абад) облусу, Базар-Коргон району, Абдраимов айылы) – тарыхчы, саясат таануу илимдеринин доктору (2014), профессор (2016). 1978-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун тарых факультетин бүтүргөн. 1978–86-жылдары Жалал-Абад шаарындагы №1 атайын техникалык орто окуу жайында мугалим, директордун орун басары, 1986–88-жылдары партиянын Жалал-Абад шааркомунда парткабинеттин башчысы, 1988–94-жылдары Жалал-Абад шаарындагы маданият техникумунун директору, 1994–2000-жылдары Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, 2000–01-жылдары Жалал-Абад шаарында акимдин орун басары, 2001–05-жылдары Жалал-Абад облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы, 2006–11-жылдары КР Билим берүү министрлигинин статс-катчысы, 2011–16-жылдары Жалал-Абад МУнун ректору, 2016-жылдан Жалал-Абад МУда гуманитардык илимдер <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> философия кафедрасынын профессору. КР Билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери. КМШ өлкөлөрүндөгү билим берүү саясатын изилдеген адис. 80ден ашуун илимий макаланын, 3 илимий монографиянын автору.<br> |
16:30, 28 Июль (Теке) 2023 -деги абалы
АБДРАШЕВ Акунжан Баказович (18. 10. 1955-жылы туулган, Ош (азыркы Жалал-Абад) облусу, Базар-Коргон району, Абдраимов айылы) – тарыхчы, саясат таануу илимдеринин доктору (2014), профессор (2016). 1978-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун тарых факультетин бүтүргөн. 1978–86-жылдары Жалал-Абад шаарындагы №1 атайын техникалык орто окуу жайында мугалим, директордун орун басары, 1986–88-жылдары партиянын Жалал-Абад шааркомунда парткабинеттин башчысы, 1988–94-жылдары Жалал-Абад шаарындагы маданият техникумунун директору, 1994–2000-жылдары Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, 2000–01-жылдары Жалал-Абад шаарында акимдин орун басары, 2001–05-жылдары Жалал-Абад облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы, 2006–11-жылдары КР Билим берүү министрлигинин статс-катчысы, 2011–16-жылдары Жалал-Абад МУнун ректору, 2016-жылдан Жалал-Абад МУда гуманитардык илимдер жана философия кафедрасынын профессору. КР Билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери. КМШ өлкөлөрүндөгү билим берүү саясатын изилдеген адис. 80ден ашуун илимий макаланын, 3 илимий монографиянын автору.