Difference between revisions of "БААТЫР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''БААТЫР,''' б а а т ы р д ы к, б а а т ы р ч ы л ы к ‒ 1) жоокердик өзгөчө эрдиги үчүн берилген атак. Кеӊири мааниде, адамдан жекече эрдикти, тайманбас каармандыкты талап кылган, жеӊиш үчүн курмандыкка даяр турган өзгөчө улуу ишмердик. Б. атагы байыркы көчмөндөр доорундагы ж о о к е р ч и л и к замандын тикелей туундусу, «эл коргоо кесибинин» бийик үлгүсү. Адатта көчмөн уруулар жамаатташып жашашкан. Алардын туруктуу энчиленген, так чийилип бөлүнгөн «мекендери» болбосо да, көчүп-конуп жүрүшкөн аймактарында мал-жанын, турак-чөлкөмүн гана эмес, атүгүл ата-салтын, ар-намысын, нарк-нускасына чейин коргогон. Мындай коргоочулук вазийпаны аткарууга жамааттагы бардык «эр-бүлө» милдеткер болушкан. Ал эми көчмөндөрдүн өмүр-жашоосунун көп бөлүгү жоокерчилик менен өткөндүктөн, алардын руханий дүйнөсүндө Б-дык аӊыздар ж-дөгү чыгармалар арбын. Ошол себептүү Б-дык сыпаттоолор да кеӊири учурайт. Кыргыз наркында Б-лар төмөндөгүдөй мүнөздөлөт:  А д а м д ы н ш е р и ‒ эч кандай коркунуч, эч бир тоскоолдук менен эсептешпеген кызылдай Б.; к а р а к ө к Б. же к ө к ж а л ‒ бир колу кыя чабылып салаӊдап калса да, анысын ийнине таӊып алып же буту кесилип шалактап калса, торбого салып, канжыгага байлап алып уруш майданын таштабай согушун улантып жүргөн көйкашка; и л е к о р Б. ‒ айла-амал, иле менен согушкан Б.; ж е к е Б. ‒ кандай кооптуу болбосун, чакан жоокердик ишке (жылкы тийүүгө) өзү жалгыз аттангандар; э э р ч и м е Б. ‒ өзүнчө кирүүгө батынбай, бирок башкалар жоого качырып киргенде, алардан кем эмес эрдик көрсөткөндөр; о п с у з Б. ‒ эч нерседен жалтанбай жоого тике качырып салгылашкан (көп учурда туткундалып калган). 2) Совет доорунда согушта, өндүрүштө, илим менен мад-тта көрсөткөн каармандыктары жана эбегейсиз зор ийгиликтерди жараткандыгы үчүн мамл. жогорку бийлик тарабынан берилген расмий наам (к. ''Советтер Союзунун Баатыры, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Баатыр Эне).'' Кырг-нда эгемендик алганы мамлекет менен эл алдындагы өзгөчө жеке сиӊирген эмгеги, КРдин эркиндигинин жана көз карандысыздыгынын урматына баатырдык эрдик жасаган жарандарга КРдин Президенти тарабынан бир гана жолу «''Кыргыз Республикасынын Баатыры''» эӊ жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылат. Ага татыктуу болгон адамга «''Ак шумкар''» өзгөчө төш белгиси тапшырылат.

'''БААТЫР,''' б а а т ы р д ы к, б а а т ы р ч ы л ы к ‒ 1) жоокердик өзгөчө эрдиги үчүн берилген атак. Кеӊири мааниде, адамдан жекече эрдикти, тайманбас каармандыкты талап кылган, жеӊиш үчүн курмандыкка даяр турган өзгөчө улуу ишмердик. Баатыр атагы байыркы көчмөндөр доорундагы ж о о к е р ч и л и к замандын тикелей туундусу, «эл коргоо кесибинин» бийик үлгүсү. Адатта көчмөн уруулар жамаатташып жашашкан. Алардын туруктуу энчиленген, так чийилип бөлүнгөн «мекендери» болбосо да, көчүп-конуп жүрүшкөн аймактарында мал-жанын, турак-чөлкөмүн гана эмес, атүгүл ата-салтын, ар-намысын, нарк-нускасына чейин коргогон. Мындай коргоочулук вазийпаны аткарууга жамааттагы бардык «эр-бүлө» милдеткер болушкан. Ал эми көчмөндөрдүн өмүр-жашоосунун көп бөлүгү жоокерчилик менен өткөндүктөн, алардын руханий дүйнөсүндө баатырдык аӊыздар жөнүндөгү чыгармалар арбын. Ошол себептүү баатырдык сыпаттоолор да кеӊири учурайт. Кыргыз наркында баатырлар төмөндөгүдөй мүнөздөлөт:  а д а м д ы н ш е р и ‒ эч кандай коркунуч, эч бир тоскоолдук менен эсептешпеген кызылдай баатыр; к а р а к ө к баатыр, же к ө к ж а л ‒ бир колу кыя чабылып салаӊдап калса да, анысын ийнине таӊып алып, же буту кесилип шалактап калса, торбого салып, канжыгага байлап алып уруш майданын таштабай согушун улантып жүргөн көйкашка; и л е к о р баатыр ‒ айла-амал, иле менен согушкан баатыр; ж е к е баатыр ‒ кандай кооптуу болбосун, чакан жоокердик ишке (жылкы тийүүгө) өзү жалгыз аттангандар; э э р ч и м е баатыр ‒ өзүнчө кирүүгө батынбай, бирок башкалар жоого качырып киргенде, алардан кем эмес эрдик көрсөткөндөр; о п с у з баатыр ‒ эч нерседен жалтанбай, жоого тике качырып салгылашкан (көп учурда туткундалып калган). 2) Совет доорунда согушта, өндүрүштө, илим менен маданиятта көрсөткөн каармандыктары жана эбегейсиз зор ийгиликтерди жараткандыгы үчүн мамлекеттик жогорку бийлик тарабынан берилген расмий наам ( ''Советтер Союзунун Баатыры, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Баатыр Эне).'' Кыргызстан эгемендик алган мезгилден баштап мамлекет менен эл алдындагы өзгөчө жеке сиӊирген эмгеги, Кыргыз Республикасынын эркиндигинин жана көз карандысыздыгынын урматына баатырдык эрдик жасаган жарандарга Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бир гана жолу «''Кыргыз Республикасынын Баатыры''» эӊ жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылат. Ага татыктуу болгон адамга «''Ак шумкар''» өзгөчө төш белгиси тапшырылат.

''Т.Абдылдабеков.''

''Т.Абдылдабеков.''

12:54, 25 Июль (Теке) 2023 -деги абалы

БААТЫР, б а а т ы р д ы к, б а а т ы р ч ы л ы к ‒ 1) жоокердик өзгөчө эрдиги үчүн берилген атак. Кеӊири мааниде, адамдан жекече эрдикти, тайманбас каармандыкты талап кылган, жеӊиш үчүн курмандыкка даяр турган өзгөчө улуу ишмердик. Баатыр атагы байыркы көчмөндөр доорундагы ж о о к е р ч и л и к замандын тикелей туундусу, «эл коргоо кесибинин» бийик үлгүсү. Адатта көчмөн уруулар жамаатташып жашашкан. Алардын туруктуу энчиленген, так чийилип бөлүнгөн «мекендери» болбосо да, көчүп-конуп жүрүшкөн аймактарында мал-жанын, турак-чөлкөмүн гана эмес, атүгүл ата-салтын, ар-намысын, нарк-нускасына чейин коргогон. Мындай коргоочулук вазийпаны аткарууга жамааттагы бардык «эр-бүлө» милдеткер болушкан. Ал эми көчмөндөрдүн өмүр-жашоосунун көп бөлүгү жоокерчилик менен өткөндүктөн, алардын руханий дүйнөсүндө баатырдык аӊыздар жөнүндөгү чыгармалар арбын. Ошол себептүү баатырдык сыпаттоолор да кеӊири учурайт. Кыргыз наркында баатырлар төмөндөгүдөй мүнөздөлөт: а д а м д ы н ш е р и ‒ эч кандай коркунуч, эч бир тоскоолдук менен эсептешпеген кызылдай баатыр; к а р а к ө к баатыр, же к ө к ж а л ‒ бир колу кыя чабылып салаӊдап калса да, анысын ийнине таӊып алып, же буту кесилип шалактап калса, торбого салып, канжыгага байлап алып уруш майданын таштабай согушун улантып жүргөн көйкашка; и л е к о р баатыр ‒ айла-амал, иле менен согушкан баатыр; ж е к е баатыр ‒ кандай кооптуу болбосун, чакан жоокердик ишке (жылкы тийүүгө) өзү жалгыз аттангандар; э э р ч и м е баатыр ‒ өзүнчө кирүүгө батынбай, бирок башкалар жоого качырып киргенде, алардан кем эмес эрдик көрсөткөндөр; о п с у з баатыр ‒ эч нерседен жалтанбай, жоого тике качырып салгылашкан (көп учурда туткундалып калган). 2) Совет доорунда согушта, өндүрүштө, илим менен маданиятта көрсөткөн каармандыктары жана эбегейсиз зор ийгиликтерди жараткандыгы үчүн мамлекеттик жогорку бийлик тарабынан берилген расмий наам ( Советтер Союзунун Баатыры, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Баатыр Эне). Кыргызстан эгемендик алган мезгилден баштап мамлекет менен эл алдындагы өзгөчө жеке сиӊирген эмгеги, Кыргыз Республикасынын эркиндигинин жана көз карандысыздыгынын урматына баатырдык эрдик жасаган жарандарга Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бир гана жолу «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эӊ жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылат. Ага татыктуу болгон адамга «Ак шумкар» өзгөчө төш белгиси тапшырылат.

Т.Абдылдабеков.