Difference between revisions of "АБДУЛКАДЫР Инан"
м (→top: clean up, replaced: м-н → менен (2), ж-а → жана) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
Инан (1889, Башкыртстан Республикасы, Екатеринбург-Чыгай - 1976, | '''АБДУЛКАДЫР''' Инан (1889, Башкыртстан Республикасы, Екатеринбург-Чыгай - 1976, Анкара шаары) - окумуштуу, манас изилдөөчү. Алгач Чыгайда Усулу Жадид мектебинен окуган, кийин Троицкидеги Расулис мектебин бүтүргөн. Алгачкы илимий макаласы 1908-жылы Оренбургдан чыгуучу «Вахт» («Убакыт») гезитине жарыяланган. 1914-жылы Жогорку мектепти бүтүрүп, 1915-жылы «Мусулмандар шарыят мекемесинин» кеңешмесинде профессор наамын алган. 1915-23-жылдары мектептерде мугалим болуп иштеген. 1925-жылы Стамбулга келип, түркология институтунда түрк элдеринин фольклору тууралуу илимий иштерин уланткан. 1933-жылы Түрк тил коомунун чакыруусу менен Анкарага келет. 1935-жылы Ататүрктүн буйругу менен чыгыш түрк диалектилеринин профессору наамы ыйгарылган. Ал этнография, фольклор, түрк тарыхы, түрк элдеринин дини, ишеними, түрк диалектилери, түрк филологиясы жөнүндө эмгектерин, «Манас» эпосу тууралуу алгачкы маалымдама-баяндамаларды, илимий эмгектерди жазган. 1936-68-жылдары «Манаска» байланыштуу жазган макалаларында эпостун кыргыз тили боюнча мол материал берген зор эстелик экендиги айтылган, эпостун каармандары, андагы элдин турмушу, каада-салты, эпостун идеологиясы иликтенген жана анын түрк элдеринин эпосторунун ичинде өзгөчө орду белгиленген. Түрк энциклопедияларына чыккан «Манас» тууралуу макалалардын автору. Түрк маданиятын изилдөө институтунун, Түрк тарых коомунун анык мүчөсү. |
09:21, 25 Июль (Теке) 2023 -деги абалы
АБДУЛКАДЫР Инан (1889, Башкыртстан Республикасы, Екатеринбург-Чыгай - 1976, Анкара шаары) - окумуштуу, манас изилдөөчү. Алгач Чыгайда Усулу Жадид мектебинен окуган, кийин Троицкидеги Расулис мектебин бүтүргөн. Алгачкы илимий макаласы 1908-жылы Оренбургдан чыгуучу «Вахт» («Убакыт») гезитине жарыяланган. 1914-жылы Жогорку мектепти бүтүрүп, 1915-жылы «Мусулмандар шарыят мекемесинин» кеңешмесинде профессор наамын алган. 1915-23-жылдары мектептерде мугалим болуп иштеген. 1925-жылы Стамбулга келип, түркология институтунда түрк элдеринин фольклору тууралуу илимий иштерин уланткан. 1933-жылы Түрк тил коомунун чакыруусу менен Анкарага келет. 1935-жылы Ататүрктүн буйругу менен чыгыш түрк диалектилеринин профессору наамы ыйгарылган. Ал этнография, фольклор, түрк тарыхы, түрк элдеринин дини, ишеними, түрк диалектилери, түрк филологиясы жөнүндө эмгектерин, «Манас» эпосу тууралуу алгачкы маалымдама-баяндамаларды, илимий эмгектерди жазган. 1936-68-жылдары «Манаска» байланыштуу жазган макалаларында эпостун кыргыз тили боюнча мол материал берген зор эстелик экендиги айтылган, эпостун каармандары, андагы элдин турмушу, каада-салты, эпостун идеологиясы иликтенген жана анын түрк элдеринин эпосторунун ичинде өзгөчө орду белгиленген. Түрк энциклопедияларына чыккан «Манас» тууралуу макалалардын автору. Түрк маданиятын изилдөө институтунун, Түрк тарых коомунун анык мүчөсү.