Difference between revisions of "АЛЕКСАНДРОВ Анатолий Петрович"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

13:58, 14 Июль (Теке) 2023 -деги абалы

АЛЕКСАНДРОВ Анатолий Петрович [31.1 (13.2), 1903, Киев губерниясы, Тараща ш. ‒ 3.2.1994, Москва] ‒ орус физиги жана коомдук ишмер, атом өндүрүшүн негиздөөчүлөрдүн бири, СССР ИАнын академиги (1953) жана президенти (1975‒86), 3 жолку Соц. Эмг. Баатыры (1954, 1960, 1973). 1930-ж. Киев ун-тин бүтүп, Ленинград физика-техника ин-тунда иштеген. 1946‒55-ж. СССР ИАнын Физика проблемалары ин-тунун (1960‒88-ж.), Атом энергиясы ин-тунун директору. Ал

АЛЕКС АНДРОВ53.png

гачкы ил.-изилдөөлөрү диэлектриктер физикасына жана жогорку молекулалуу бирикмелерге арналган. П. П. Кобеко менен бирге полимерлер физикасы б-ча комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Анын кемелерди минадан сактоо ыкмасы Улуу Ата Мекендик согуш учурунда ийгиликтүү колдонулган. 1943-жылдан ядролук физика жана техника б-ча иштеп, ил.-тех. программаларды, ар кандай ядролук реакторлорду курууну жетектеген. СССР мамл. (1942, 1949, 1951, 1954) жана Ленин (1959) сыйл. алган.
Ад.: Физики о себе / под ред. В. Я. Френеля. Л., 1990.