Difference between revisions of "АЛДАШЕВ Абдулхай"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>)
(Айырма жок)

13:55, 14 Июль (Теке) 2023 -деги абалы

АЛДАШЕВ Абдулхай (1918, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Ак-Кочкор айылы ‒ 2003, Бишкек) ‒ фармаколог, вет. илимд. доктору (1965), проф. (1966), Кыргыз ССРинин эмг. сиӊ. ветврачы (1974), КР УИАнын ардактуу акад. (1994), КРдин илимге эмг. сиӊ. ишмери (1991), жазуучу, адабий котормочу. 1939-ж. КАЧИни бүтүргөн. 1941‒45-ж. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1956‒74-ж. ошол эле ин-ттун кафедра башчысы; 1966‒74-ж. проректору. 1974‒79-ж. Кыргыз ССР ИАнын биология ин-тунун директору. 1980-жылдан ушул эле ин-тта, 1985-жылдан Кыргыз ССР мамл. агрардык-өнөр жай к-тинин

АЛДАШЕВ47.png

ветеринария ИИИде, 1990-жылдан КАУда лабор. башчысы болгон. А. ‒ 500дөн ашык ил. эмгектин, анын ичинде 20 монографиянын, 11 ойлоп табуунун, 2 окуу китептин, биология жана мал чарбасы б-ча терминологиялык жана орусча-кыргызча сөздүктөрдүн, 50гө жакын адабий чыгармалардын автору. Малдын жайытта уу чөптөрдөн ууланышын изилдеген. «Манас» эпосунун көп томдуу орусча котормосун редакциялаган. «Жер төлөдөгү ой толгоо» (1997), «Казат селинде» (1998) жана «Өх, бүттүкпү» (2002) аттуу үчилтик романы үчүн КРдин Токтогул атн. мамл. сыйл. ыйгарылган (2002). Элдердин достугу, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси», Ата Мекендик согуштун 2-даражадагы ордендери менен сыйланган. Эмг.: Койдун тоют уукмасы . Ф., 1963; Антигельминты. Ф., 1982; Акониты . Ф., 1982; Этапы развития ветеринарии в Киргизии. Ф., 1981.