Difference between revisions of "АЛДАШЕВ Алмаз Абдулхаевич"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (7))
(Айырма жок)

13:54, 14 Июль (Теке) 2023 -деги абалы

АЛДАШЕВ Алмаз Абдулхаевич (1. 10. 1953, Фрунзе-19.06.2016, ошол эле жерде) ‒ биохимик, биология илимд. доктору (1999), проф., КР УИАнын корр. мүчөсү (2000), академиги (2006). Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу сыйл. (1985) жана КРдин илим жана техника б-ча мамл. сыйл. (1996) лауреаты, КРдин саламаттык сактоого эмг. сиӊ. ишмери, КРдин илимге эмг. сиӊ. ишмери. Москвадагы Н. П. Пирогов атн. 2-медин-тун (1977), СССР ИАнын биохимия ин-тунун аспирантурасын (1980) бүтүргөн. Кыргыз ССР ИАнын физиология жана патология ин-тунда кенже ил. кызматкер, Кардиология ил.-из. ин-тунда улук ил. кызматкер, Кардиология жана терапия улуттук борборунда лабор. башчысы, Мол. биология жана медицина ИИИнин директору, фундаменталдык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2004-жылдан КР УИАнын академик катчысы. 100дөн ашуун ил. эмгектин автору. Ил. эмг. биохимия жана мол. биологияга арналган. Кырг-нда «молекулалык жана клеткалык биология», мол. генетика сыяктуу жаӊы ил. багыттардын өнүгүүсүнө негиз салган. Ал гипоксин ‒ белокторун алып, алардын касиетин изилдеген. Өпкөнүн гипоксиялык гипертензиясынын патогенезине катышкан, мурда белгисиз митогендик белок факторун ачкан.150дөн ашык ил. эмгектер бар. Эмг.: Signal Еransduction in Lung Cells. Уds. О.Иrody, D.Center, V.А.Еkachuk. Marcel Dekkers, New Юork, 1993; Еhorax. (авторлош), 2005. Aug; 60(8):683-7.

АЛДАШЕВ48.png