Difference between revisions of "«БАГЫШ» эпосу"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''«БАГЫШ»''' ‒ баатырдык эпос. Багыш баатыр жөнүндө «Манас» эпосунда айтылат. «Жедигердин эр Багыш», «Жедигердин Багышы» же болбосо «Эр Багыштын Суртелки» деген саптар менен бирге эле «Букардын тыяк бетинде, Жети-Өзөн деген жери бар. Жети-Өзөндө жердеген, Жедигер деген эли бар. Ал жедигер ичинде, Багыш деген каны бар» ‒ деген саптар ''Саякбайдын'' айтуусунда эскерилет. Багыш жөнүндөгү көлөмдүү эпикалык баян жалаӊ гана кызылсуулук кыргыздардын арасында кеӊири тарабастан, алатоолук кыргыздардын да сүйүктүү чыгармасына айланган. Манасчы ''Жусуп Мамай'' «Манас» эпосунун сегиз муунунан сырткары кытайлык кыргыздар арасында тараган «Багыш», «Толтой», «Тутан», «Мамаке Шопок», «Көбөн баатыр», «Тилекматтын баяны» сыяктуу алатоолук кыргыздарга белгисиз эпикалык чыгармаларды жаратуу менен бирге, «Курманбек», «Эр Төштүк», «Жаӊыл Мырза», «Кыз Сайкал» сыяктуу эпостордун да варианттарын элге тартуулаган. «Багыш» баатырдык эпосу бир нече окуяны ичине камтыйт. Ал атасынан бийликти колуна алгандан баштап, калмак, тажик, манжу, түркмөн, чечен, каракалпак, маӊгул, тейит, маӊгыт, бараӊ, кызылбаш элдеринен чыккан Бака, Королдой, Көӊтөй, Болот, Байтур, Челекбаш, кырк каракчы сыяктуулар менен кандуу кармашта өз намысын бербестен жеӊишке ээ болот. Багыштын атасы Бай жедигер элин баатырдык көрсөтүп сактап турбастан, байлыгына таянып, алымын өз убагында берүү менен журттун тынччылыгын бузбай жашоо камын көргөн. Эпостун | '''«БАГЫШ»''' ‒ баатырдык эпос. Багыш баатыр жөнүндө «Манас» эпосунда айтылат. «Жедигердин эр Багыш», «Жедигердин Багышы» же болбосо «Эр Багыштын Суртелки» деген саптар менен бирге эле «Букардын тыяк бетинде, Жети-Өзөн деген жери бар. Жети-Өзөндө жердеген, Жедигер деген эли бар. Ал жедигер ичинде, Багыш деген каны бар» ‒ деген саптар ''Саякбайдын'' айтуусунда эскерилет. Багыш жөнүндөгү көлөмдүү эпикалык баян жалаӊ гана кызылсуулук кыргыздардын арасында кеӊири тарабастан, алатоолук кыргыздардын да сүйүктүү чыгармасына айланган. Манасчы ''Жусуп Мамай'' «Манас» эпосунун сегиз муунунан сырткары кытайлык кыргыздар арасында тараган «Багыш», «Толтой», «Тутан», «Мамаке Шопок», «Көбөн баатыр», «Тилекматтын баяны» сыяктуу алатоолук кыргыздарга белгисиз эпикалык чыгармаларды жаратуу менен бирге, «Курманбек», «Эр Төштүк», «Жаӊыл Мырза», «Кыз Сайкал» сыяктуу эпостордун да варианттарын элге тартуулаган. «Багыш» баатырдык эпосу бир нече окуяны ичине камтыйт. Ал атасынан бийликти колуна алгандан баштап, калмак, тажик, манжу, түркмөн, чечен, каракалпак, маӊгул, тейит, маӊгыт, бараӊ, кызылбаш элдеринен чыккан Бака, Королдой, Көӊтөй, Болот, Байтур, Челекбаш, кырк каракчы сыяктуулар менен кандуу кармашта өз намысын бербестен жеӊишке ээ болот. Багыштын атасы Бай жедигер элин баатырдык көрсөтүп сактап турбастан, байлыгына таянып, алымын өз убагында берүү менен журттун тынччылыгын бузбай жашоо камын көргөн. Эпостун сюжетиндеги окуялардын өөрчүү процессинде жана анын негизги фабуласында Багыштын эрдиги жедигер элин баскынчы душмандарга кор кылбастан сактап калууга багытталган. Мына ушунун далили катары Багыш Көӊтөйдөн запкы жеп качканда өз күчүн топтоп, кийинки жылы кол салууну максат кылып коёт да, кыргыз хандары менен баатырларына кайрылууну туура табат. Ал бул максатын иш жүзүнө ашыруу үчүн өзүнүн оӊ колу, бардык иштерди тайманбастан аткарып келген Байтекени Ат-Башыдагы Кошой дөөгө, Көк-Жайыктагы Текечиге, Самаркандын сыртындагы Жамгырчы менен Шыгайга, Бозбелдеги Көкөтөйгө барып сырдашкын деп жөнөтөт. Ат-Башыга келгенде Кошой дөөнүн акылы менен Байтеке кыргыз хандарына барбастан, кайрылып элине келет. Кошойдун кеӊеши менен Багыш келген жоого сокку берип турат. Башка эпикалык чыгармалар сыяктуу эле «Багыш» эпосунун сюжети ар кыл темадагы эпикалык окуялар циклдеринен куралган. Сюжетти бириктирип жана болуп жаткан окуянын карым-катыштарын өөрчүтүп, өнүктүрүп турган эпикалык окуялар башкы каармандын тегерегине топтоштурулган. Тынчтык, көз каранды эместик сыяктуу элдик идея иш жүзүнө ашырылган. Эпос манасчы Жусуп Мамайдын айтуусунда 1991-жылы Үрүмчү шаарында араб арибинде басылган жана Кыргызстанда 30 томдук «Эл адабияты» сериясында жарык көргөн.

14:20, 11 Июль (Теке) 2023 -деги абалы
«БАГЫШ» ‒ баатырдык эпос. Багыш баатыр жөнүндө «Манас» эпосунда айтылат. «Жедигердин эр Багыш», «Жедигердин Багышы» же болбосо «Эр Багыштын Суртелки» деген саптар менен бирге эле «Букардын тыяк бетинде, Жети-Өзөн деген жери бар. Жети-Өзөндө жердеген, Жедигер деген эли бар. Ал жедигер ичинде, Багыш деген каны бар» ‒ деген саптар Саякбайдын айтуусунда эскерилет. Багыш жөнүндөгү көлөмдүү эпикалык баян жалаӊ гана кызылсуулук кыргыздардын арасында кеӊири тарабастан, алатоолук кыргыздардын да сүйүктүү чыгармасына айланган. Манасчы Жусуп Мамай «Манас» эпосунун сегиз муунунан сырткары кытайлык кыргыздар арасында тараган «Багыш», «Толтой», «Тутан», «Мамаке Шопок», «Көбөн баатыр», «Тилекматтын баяны» сыяктуу алатоолук кыргыздарга белгисиз эпикалык чыгармаларды жаратуу менен бирге, «Курманбек», «Эр Төштүк», «Жаӊыл Мырза», «Кыз Сайкал» сыяктуу эпостордун да варианттарын элге тартуулаган. «Багыш» баатырдык эпосу бир нече окуяны ичине камтыйт. Ал атасынан бийликти колуна алгандан баштап, калмак, тажик, манжу, түркмөн, чечен, каракалпак, маӊгул, тейит, маӊгыт, бараӊ, кызылбаш элдеринен чыккан Бака, Королдой, Көӊтөй, Болот, Байтур, Челекбаш, кырк каракчы сыяктуулар менен кандуу кармашта өз намысын бербестен жеӊишке ээ болот. Багыштын атасы Бай жедигер элин баатырдык көрсөтүп сактап турбастан, байлыгына таянып, алымын өз убагында берүү менен журттун тынччылыгын бузбай жашоо камын көргөн. Эпостун сюжетиндеги окуялардын өөрчүү процессинде жана анын негизги фабуласында Багыштын эрдиги жедигер элин баскынчы душмандарга кор кылбастан сактап калууга багытталган. Мына ушунун далили катары Багыш Көӊтөйдөн запкы жеп качканда өз күчүн топтоп, кийинки жылы кол салууну максат кылып коёт да, кыргыз хандары менен баатырларына кайрылууну туура табат. Ал бул максатын иш жүзүнө ашыруу үчүн өзүнүн оӊ колу, бардык иштерди тайманбастан аткарып келген Байтекени Ат-Башыдагы Кошой дөөгө, Көк-Жайыктагы Текечиге, Самаркандын сыртындагы Жамгырчы менен Шыгайга, Бозбелдеги Көкөтөйгө барып сырдашкын деп жөнөтөт. Ат-Башыга келгенде Кошой дөөнүн акылы менен Байтеке кыргыз хандарына барбастан, кайрылып элине келет. Кошойдун кеӊеши менен Багыш келген жоого сокку берип турат. Башка эпикалык чыгармалар сыяктуу эле «Багыш» эпосунун сюжети ар кыл темадагы эпикалык окуялар циклдеринен куралган. Сюжетти бириктирип жана болуп жаткан окуянын карым-катыштарын өөрчүтүп, өнүктүрүп турган эпикалык окуялар башкы каармандын тегерегине топтоштурулган. Тынчтык, көз каранды эместик сыяктуу элдик идея иш жүзүнө ашырылган. Эпос манасчы Жусуп Мамайдын айтуусунда 1991-жылы Үрүмчү шаарында араб арибинде басылган жана Кыргызстанда 30 томдук «Эл адабияты» сериясында жарык көргөн.