Difference between revisions of "«АК МӨӨР» поэмасы"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''«АК МӨӨР»''' – поэма. Сүйүүнү тепсеген со­циалдык теңсиздикти айыптаган чыгарма. Поэма­нын бир нече варианты бар. Алгач 1923‑ | '''«АК МӨӨР»''' – поэма. Сүйүүнү тепсеген со­циалдык теңсиздикти айыптаган чыгарма. Поэма­нын бир нече варианты бар. Алгач 1923‑жылы Та­ластан Ө. Кудайбергеновдон <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> С. Бокочиев­ден К. Мифтаков жазып алган. Экинчи вариан­тын да К. Мифтаков манасчы Ж. Кожековдун айтуусунда 1936‑жылы кагазга түшүргөн. Үчүнчү варианты 1940‑жылы А. Боронбаевден, А. Чороба­евден, төртүнчү вариант К. Акыевден жазылып алынган. 1957‑жылы А. Эшматов поэманын өз ал­дынчалыгы <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> айтылган вариантын түзгөн.<br>1958-жылы Ош областынын Ала‑Бука районунда жашаган Б. Жолдошевден А. Токомбаева дагы бир ва­риантын жазып келген. 1965‑жылы Кетмен‑Төбөдөн С. Дыйканбаевден дагы бир вариант жазылып алынган. Поэманын башатында «Болоттун ыры», «Болоттун арманы», «Мөөрдүн арманы» деген өз‑өзүнчө тарыхый ыр дастандары тү­зүлгөн. Бара‑бара алардын тегерегинде окуя улам кеңейип отуруп, поэмалык деңгээлге көтө­рүлгөн. Анын негизги каармандары Жантай хан, Ак Мөөр, Болот тарыхта болгон инсандар, 19‑кылымда жашаган реалдуу адамдар. Поэманын окуясы да таза автордук же айтуучулук кыял­дануудан жаралган эмес, анын мазмундук өзө­гүндө чындык окуя жатат. К. Акыев түзгөн ва­риант кескин айырмалуу, ал «Ак Мөөрдү» то­лук түрдө эпикалык формага түшүргөн. Кийин С. Эралиев (1959), А. Токтомушев (1971) «Ак Мөөр» поэмасын жаратышкан. А. Осмоновдун «Ак Мөөр» драмасы республикалык элдик театрларда ко­юлган. 1968-жылы «Ак Мөөр» фильми (реж. М. Убукеев) тартылган.<br> |
16:04, 10 Июль (Теке) 2023 -деги абалы
«АК МӨӨР» – поэма. Сүйүүнү тепсеген социалдык теңсиздикти айыптаган чыгарма. Поэманын бир нече варианты бар. Алгач 1923‑жылы Таластан Ө. Кудайбергеновдон жана С. Бокочиевден К. Мифтаков жазып алган. Экинчи вариантын да К. Мифтаков манасчы Ж. Кожековдун айтуусунда 1936‑жылы кагазга түшүргөн. Үчүнчү варианты 1940‑жылы А. Боронбаевден, А. Чоробаевден, төртүнчү вариант К. Акыевден жазылып алынган. 1957‑жылы А. Эшматов поэманын өз алдынчалыгы менен айтылган вариантын түзгөн.
1958-жылы Ош областынын Ала‑Бука районунда жашаган Б. Жолдошевден А. Токомбаева дагы бир вариантын жазып келген. 1965‑жылы Кетмен‑Төбөдөн С. Дыйканбаевден дагы бир вариант жазылып алынган. Поэманын башатында «Болоттун ыры», «Болоттун арманы», «Мөөрдүн арманы» деген өз‑өзүнчө тарыхый ыр дастандары түзүлгөн. Бара‑бара алардын тегерегинде окуя улам кеңейип отуруп, поэмалык деңгээлге көтөрүлгөн. Анын негизги каармандары Жантай хан, Ак Мөөр, Болот тарыхта болгон инсандар, 19‑кылымда жашаган реалдуу адамдар. Поэманын окуясы да таза автордук же айтуучулук кыялдануудан жаралган эмес, анын мазмундук өзөгүндө чындык окуя жатат. К. Акыев түзгөн вариант кескин айырмалуу, ал «Ак Мөөрдү» толук түрдө эпикалык формага түшүргөн. Кийин С. Эралиев (1959), А. Токтомушев (1971) «Ак Мөөр» поэмасын жаратышкан. А. Осмоновдун «Ак Мөөр» драмасы республикалык элдик театрларда коюлган. 1968-жылы «Ак Мөөр» фильми (реж. М. Убукеев) тартылган.