Difference between revisions of "АЛГОРИТМ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
05:50, 27 Февраль (Бирдин айы) 2023 -деги абалы
(Alogrithm - Алгоритм). Баштапкы берилиштерден алынуучу жыйынтыкка алып келүүчү эсептөөчү процессти аныктаган так көрсөтмөлөр. Алгоритм түшүнүгү компьютер пайда болгонго чейин эле пайда болгон. Алгоритм дискреттүү, ачыкайкындуу, көпчүчлүктүү жана жыйынтыктуу касиеттерге ээ. Дискреттүү касиети алгоритмге коюлган биринчи талап болуп, анда жазылып жаткан процесс өзөзүнчө удаалаш аракеттерге (кадамдарга) бөлүнүүгө тийиш экендигин билгизет. Атап айтканда, алгоритм бир биринен ачык бөлүнгөн көрсөтмөлөр удаалаштыгынан турат. Көрсөтмөлөр алгоритмдин үзгзлтүктүү (дискреттүү) структурасын түзөт жана бир көрсөтмөнүн талабы аткарылгандан кийин гана кийинки көрсөтмөнүн талабын аткарууга өтөт.
Ачыкайкындуулук касиет алгортмде мазмуну бир маанилүү болбогон көрсөтмөлөр жок болуш керек. Алгоритмде берилген көрсөтмөлөр (буйруктар) так болуп, аткаруучу буйруктарды аткарууда өз алдынча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү болууга тийиш эмес, б.а. алгоритмди аткаруу, ошондой эле, алгоритмди аткаруу кезегинде кайсы көрсөтмө аткарылышы ачыкайкын болууга тийиш. Көпчүлүктүү касиети түзүлгөн алгоритм боюнча баштапкы гана маалыматтарды өзгөртүп, көптөгөн маселелерди чыгарууга пайдалануу дегенди түшүндүрөт. Жыйынтыктуу касиети аткаруучу чектелген сандагы кадам ичинде коюлган маселенин жыйынтыгын алууга тийиш, б.а. алгоритм коюлган маселенин жыйынтыгына сөзсүз түрдө алып келиши керек.