Difference between revisions of "TCP/IP"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:50, 27 Февраль (Бирдин айы) 2023 -га соңку версиясы

деп аталган байланыш протоколу Интернетте билдирүүлөрдү коммутациялоо пакети колдонгон програмдык жабдык эсептелет. Байланыш протоколу берилиштерди жиберүүдө колдонулган эрежелерди же стандарттарды аныктайт. Аймактын башкы компьютери негиз деп аталган жогорку ылдамдыктагы байланыш линиялары аркылуу Интернеттин байланышкатыш кыймылындагы чоң бөлүгүн колдогон кеңири тармактар менен байланышат. Негизи мамлекет ичиндеги шаарларды туташтырган ылдамдыктагы жолдорго (автобан) окшош болушат. Интернетте жайгашкан машруттагычтар (жол тапкычтар) кабарлар агымын башкарууну камсыз кылат, аларда тармак карттары болот. Эгерде дарек ээсине түз жол бош болбосо же иштебесе, анда машруттагыч пакетти айланма жол аркылуу жиберет. Керек болгон учурда ар бир пакет, ар башка жол менен жиберилиши мүмкүн. Почто сыяктуу Интернет дагы даректер системине негизделген. Интернеттин ар бир оруну төрт бөлүктөн турган сандык IP (Интернет протоколу) деп аталган дареги болот. IP’нин биринчи бөлүгү географиялык жерди, экинчиси мекемени, үчүнчүсү компьютердик топту, төртүнчүсү компьютердин аталышын (спецификациясын ) билгизет. Интернетте тексттик аттар да колдонулат, алар IP дарегин алмаштыра алат. IP’нин тексттик версиясы аймак аталышы деп аталат. Аймак аталышы жок дегенде эки бөлүктөн турат, алар колдонуучунун жана компьютердин же домен аттары. Интернеттин электрондук почтосуна кайрыла турган компьютер домен деп аталат. Биринчи орунда колдонуучунун аты, мисалы asan, андан кийин @ тамгасы(символу) келет, акырында компьютер аты мисалы, manas.kg түрүндө берилет. Мындагы manas.kg домен болуп саналат, андагы manas “Манас” университети, kg Кыргызстан экендигин билгизет. Америка Кошмо Штатынан башка мамлекеттер үчүн домендин акыркы бөлүгү мамлекеттин кыскача аталышын билдирет, мисалы, Кыргыз Республикасы үчүн kg, Россия үчүн ru ж.б. ушул сыяктуу мамлекеттик коддор кабыл алынган. Аймактардын аттар системинде аймактардын аттары катталган жана аттардын аймактык сервери деп аталган Интернет компьютеринде сакталган болот. Аттар аймак сервери IP менен байланышкан даректи табуу үчүн аймак аталышын колдонот.