Difference between revisions of "АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 revision imported)
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

11:37, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

(АБС) ‒ башкарылуучу объект м-н автоматтык өлчөөчү ж-а башкаруучу түзүлмөлөрдүн жыйындысы. Тех. куралдардан түзүлгөн башкаруу системасынын бир түрү. Анда тех. түзүлмөлөрдү колдонуу м-н башкаруу, маалымат чогултуу процесстерине адамдын кол ж-а акыл эмгеги пайдаланылбайт. Автоматтык башкаруу системасынан айырмаланып, бул система да жалаӊ тех. каражаттар м-н толук автомат таштыруу жүргүзүлбөйт. Бул системада кошумча түрдө оператор, тескөөр (диспетчер) ж. б. тейлөөчү адамдардын эмгеги колдонулат, б. а. адам бир функциялык элемент катары кызмат кылат. Коюлган максат, маселелерге карата ал технол. процесстерди, долбоорлоо иштерин АБСны болуп айырмаланат. АБСны түзүүдө матем., программалык, тех. каражаттар ж-а уюштуруу маселелери каралат. Анын негизин ЭЭМ түзөт. Ж. И. Батырканов.